Menu

Советтик жетекчилер өмүр бою кызматтык батирде жашап өтүшкөн. Азыркыларчы?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештеги кайрылуусунда өлкөбүздүн учурдагы саясий-экономикалык, социалдык абалына кеңири баа берүү менен бирге бардык бийлик бутактарына, Өкмөттүн, министрликтердин, жергиликтүү, муниципалдык өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана жалпы коомчулуктун алдында албан милдеттер менен максаттарды койду. Өлкөбүз туруктуу өнүгүп, элибиз бакубат жашоого жетиш үчүн, бардык тармактарда олуттуу реформалар жүргүзүлүп, ар бир жетекчинин жана жарандардын ишке болгон мамиле, ой-пикири оң жагына бурулуп, түп-тамырынан өзгөрүлүүгө тийиш деп баса белгиледи мамлекет башчы.

Жетимиш жыл өмүр сүргөн коммунисттик доордо, республика, облус, районду жетектеген инсандардын паракорлук менен айыпталыптыр же казынага кол салып, мамлекетке чоң зыян келтириптир деген фактыны укпаптырбыз да, көрбөптүрбүз. Элден айырмаланып, байысам, мартабалуу жашасам деген ойдон алыс, чыныгы элдик инсандар экендигине ынанасың. Байымак турсун жанын үрөп, өмүр бою элине кызмат кылган жетекчилердин салык ала турган оңгулуктуу турак үйү жок, бул дүйнөдөн көзү өтүп кеткендер болду. Алсак, Исхак Раззаков, Абды Суеркулов, Болот Мамбетов, Султан Ибраимов, Арстанбек Дүйшеев, Бейше Жапаров сыяктуу бир катар инсандар өмүр бою кызматтык батирлерде жашап өтүшкөндүгүнөн кабарыбыз бар.

Элибиз эгемендик алгандан берки жылдары элибиздин башынан өткөргөн азап-тозоктору, мүшкүлдөрү тууралуу кайталап айта берүүнүн деле кажети жоктур. Айтайын дегеним, коррупция ошол учурда башталып, өткөн чейрек кылымдын аралыгында өөрчүп-өнүгүп, учурда “гүлдөп” кеңири кулач жайганын коррупцияга катыштыгы бар ири коррупционерлердин кармалышынан улам толук ынанасың. Буга, өлкөбүздөгү акыркы айларда, укук коргоо органдары тарабынан “коррупция жана кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча байма-бай кылмыш иши козголуп, камакка алынын жаткадары далил.

Кызматка дайындалып жатканда, баш мыйзамды кармап туруп, чоң трибунадан “Элим үчүн, кан-жанымды аябай, таза кызмат кылам” деп ант берген премьер-министрлер, ЖК депутаттары, министрлер, алардын орун басарларынын үстүнөн иш козголуп жатканын көрүп, бири да “coo эмес го” деген ойго келесиң. Эзелтеден, элибизде “ант ыйык, антты бузган чыккыңчы, душман, наадан”, – деп айтылып келген. Ыйык парзын унутуп койгон буларга карата “ант урсун, колуң менен жасаганды башың менен тарт”, -дегенден башка сөз жарашпайт. Ант ургандан көрө, өлгөнүм артык деп, намыстанчу экен ата-бабалар. Тилекке каршы, азыр андай болбой жаткандыгы өкүндүрөт.

Күчтүү, дүйнө таанымы бар кыргыз, дөөлөт, мурастарга бай элбиз деп жүрөбүз. Кеч боло электе, намысыбызга келели, нарк-насилибизди сактайлы. Келечекти ойлогон ар бир кыргызстандык жарандын девизи “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом таза болот!” деген Исхак Раззаковдун сөзү болууга тийиш. Айрыкча муну жетекчи кызматтагылар бийик сезим менен жүрөгүнүн түпкүрүндө алып жүрүүсү зарыл. Ошондо гана коррупцияны жеңүүгө болот. Алгач бул илдеттен арылуу үчүн, президенттин айтуусу боюнча мамлекеттик чиновниктерди, район, облус жетекчилерин ротациялоо иши өз натыйжасын берип, тууганчылык, жердешчиликтен кутулууга кепилдик болот. Өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өтө керектүү нерсени, аймактарды ирилештирүүнү, иш жүзүнө ашыруу зарыл. Бул маселе эчак бышып жетилген, Жогорку Кеңеште эки окуудан өткөн, аны Өкмөт эмнеге кечеңдетип жатканы түшүнүксүз. Ал иш жүзүнө ашса, биринчиден, чиновниктердин саны азаят, аларга сарпталган каражат үнөмдөлөт. Аймактар тартипке келип, башкаруу жеңил болот. Ээлеп турган имараттар бошоп, үнөмдөлгөн каражаттар билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана башка социалдык объекттерге жумшалып, пайдаланууга берилсе, өлкөнүн өнүгүүсүнө кыйла өбөлгө түзүлмөк. Экинчиден, башкаруу органдарында, бирин-бири кайталаган түзүмдөр, кызматтарды жоюу зарыл. Айта кете турган дагы бир жагдай, биздин өлкөгө 120 депутат ылайыксыз экенин турмуш өзү көрсөттү. Алардын санын эки эсе кыскартып койсо, аларга кеткен чыгым ошончо кыскарып, элибизге пайдасы тиймек.

Кадрлар баарын чечет демекчи, кардрларды даярдоодо аларды тандап, анын резервин түзүү күн тартибиндеги башкы маселе болууга тийиш. Бул маселеге союз мезгилинде айрыкча көңүл бурулуп, чоң маани берилип келген. Чоң кызматтарга, башкаруу органдарына жетекчиликке, алгач, катардагы кызматтан тартып тепкичтерди басып өткөн билимдүү, тажрыйбалуу, иш жөндөмү, кесипкөйлүгү жогору, уюштургуч кадр дайындалчу. Азыркыдай кайсыл бир окуу жайды бүттү деген дипломду сатып алып, билимсиз, жарытылуу кызматты аркалабаган, иштин чоо-жайын түшүнбөгөн адам бир чоң кызматты ээлеп, Жогорку Кеңештин депутатынын мандатын алып, эл башкарды деген ыймансыз иштер мурун болгон эмес. Алардын арасында башка өлкөнүн жарандыгы барлар да бүтүндөй мамлекетти, элди алдап жүргөндөр ачыкка чыгып жатпайбы. Айта берсек түгөнбөйт, өлкөбүздөгү кайсы тармакты албагын, коррупциянын калың желесине чырмалып калгандайбыз. Эми ал тордон чыгып кетүү оңой-олтоң иш эмес. Канча убакыт болсо да тынымсыз күрөш жүргүзүүдө ар бир жарандын салымы болууга тийиш. Коомдук уюмдар болобу, мамлекеттик түзүмдөрбү, бардык башкаруу органдарына элдин жардамы, ар тараптан колдоосу өтө керек. Ошондо гана жалпы элдин тилеги, ой-мүдөөсү ишке ашып, ийгиликтер жаралат.

Исламбек Темиралиев

Булак:  «Кыргыз Туусу»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 9 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: