Menu

Бактыбек Алайчиев, Өзгөн районунун акими: “Жантөрө Сатыбалдиевди колдогон жердештерин дегеле көргөн жокмун!”

Бөлүшүү:

Жаңы эрежеге ылайык Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Өзгөн районунун акимдигине Бактыбек Алайчиевди дайындады. Жаңыдан бекилген 54 жаштагы район жетекчиси аймактар өнүксө, мамлекетибиз жакын арада кудуреттүү өлкөгө айланат деген терең ишеничте.

– Бактыбек мырза, жемкорлукка айыпталып камалган мурдагы өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин өзгөндүк жердештери аны катуу колдошуп, абакка киргизилишине абдан нааразы дешти эле. Мындай жышаан Өзгөндө дегеле байкалбайт ко?

– Мен деле акимдик кызматка жаңыдан эле кириштим. Камалган Жантөрө Сатыбалдиевди колдогон жердештерин дегеле көргөн жокмун! Бирок, Өзгөн районунун тургундары деле президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн абдан катуу колдоп атышат. А түгүл тигилерди чекесинен жөн эле камабастан, жеген-ичкендерин толук бойдон кустуруп, сугунган акчаларын токтоосуз мамлекет казынасына төктүрүүнү дагыле талап кылып жатышат.

– Президент Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү” програмасы сиздерге кандайча жүзөгө ашырылып жатат?

– Өзгөн районунда быйыл жыл бою он чакан ишкананы толук кандуу бүткөрөбүз. Ошондо буларда жалпы жонунан 200ден кем эмес жердештерибиз туруктуу жумуш менен камсыз кылынат. Мындан тышкары орто жана чакан бизнести өнүктүрүү аракетибиз дагы күч. Ошондо көчөлөрдө колоктоп бош жүрүшкөн жаштарыбыздын, куда кааласа, саны дагы кыйла эле суюлат. Демек, ошентип бекерчиликтен кылмыш жасагандар дагы дээрлик тыйылат.

– Бактыбек мырза, көз тийбесин, бирок, Өзгөн – жаратылышы абдан кооз, анан кен-байлыктарына өтө мол район. Дал ушул мүмкүнчүлүктү неге эмдигиче пайдаланбай келатасыздар?

-Туура баамдапсыздар. Биринчиден, көмүр кени бизде чындап эле арбын. Ошондуктан, аны казууга Өзбекстан жана Кытай акыркы жылдарда абдан кызыгып жатышат. Анткени, “кара алтыныбыздын” калориясы (табы) абдан күчтүү экен. Экинчиден, “Карынбайдын ташы” ылакабы менен таанымал мармар таш курулушка гана ыңгайлуу. Үчүнчүдөн, Өзгөн району – нукура күрүчтүн Мекени. Бара-бара анын сапатын азыркыдан дагы жакшыртып, Борбор Азиянын нукура брендине айланталы деген ниетибиз бар! Төртүнчүдөн, Кара-Шоро суусу – не деген керемет! Абдан тунук, дарылык касиети жана дарамети дагы күчтүү.

Өзү тарыхка бекем үңүлсөк, биргезде Өзгөн шаары улуу Караханид кагандыгынын борбору болгон экен. Дал ошондо курулган Мунара азыркыга дейре кулабастан бир калыбында турбайбы. Эми муну кайрадан реставрациялап жатабыз.

Маектеш жөнүндө: Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиев 53 жашта. Эки уул, эки кыздын атасы. 1986-жылы Бишкектеги К. Скрябин атандагы айыл чарба институтун бүтүргөн. Кесиби агроном. Бир нече жолу айылдык Кеңештердин шайлоосуна катышып, далай ирет жергиликтүү Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: