Жаңы окуу жылында мектеп окуучулары ижарага алган китептери үчүн акы төлөшөт. Акчаны ата-энелер банкка төгүшөт. Мындай жаңылыкты өлкөнүн Билим берүү министрлиги киргизип жатат. Бул максатта атайын эсеп ачылып, ижарадан топтолгон каражаттын баары «Жаңы китеп» фондун өнүктүрүүгө жумшалат. Бул акчага министрлик жаңы окуу куралдарын чыгарууну же сатып алууну көздөп жатат. Жалпысынан биринчи сентябрдан тарта окуучулар менен ата-энелерди бир топ эле терс жаңылыктар күтчүдөй.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ