Menu

КР Президентинин алдында ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүктөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт

Бөлүшүү:

Президент Жээнбеков бүгүн, 10-августта саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Бул тууралу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга КР Президентинин Аппаратынын биринчи орун басары Досалы Эсеналиев жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев катышты.

Жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо маселелери талкууланды.

Мыйзам жана тартипти күчөтүү, жарандардын коопсуздугун коргоо максатында жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынып, аны жетектөө Тамерлан Ибраимовго сунушталды.

Жумушчу топтун курамына Президенттик Аппараттын, Өкмөттүн, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Ошондой эле жолугушууда биринчи кезекте бул багытта жумушту баштоо үчүн тиешелүү мыйзамдык база түзүлүш керек деп белгиленди.

Президент Сооронбай Жээнбеков сот реформасы, коопсуздукту, мыйзамды жана тартипти камсыздоо мамлекет алдында турган эң маанилүү маселелердин бири экенин белгиледи.

«Бул тармактагы реформалар — татаал маселе жана бир топ күчтү жана убакытты талап кылат. Бирок биз реформаларды аягына чыгарышыбыз керек. Мен сиздин жазып берген маалыматыңыз менен таанышып чыктым, анда ишке ашыра турчу конструктивдүү идеялар жана ойлор бар. Бизди биргелешкен, талыкпаган жумуш күтүп жатат», — деп белгиледи Мамлекет башчысы Тамерлан Ибраимовго кайрылып.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 19-июлунда Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коому менен болгон жолугушуусунда Тамерлан Ибраимов жол кыймылынын коопсуздугун реформалоо маселелерин көтөргөн.

Анда Президент бул маселе боюнча жумушчу топту түзүү максатында ага аналитикалык маалымат киргизүүнү сунуштаган.

Бүгүнкү жолугушууда маселе дыкат талкууланып, натыйжада Тамерлан Ибраимов жетектеген жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: