Menu

Видео – Өлкөдө 2040-жылга чейинки жаңы улуттук стратегия кабыл алынды

Бөлүшүү:

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Бишкекте 13-августта жыйынга чогулуп, 2040-жылга чейинки стратегияны кабыл алды. Жыйында ошондой эле 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүнүн стратегиясы бекитилди.

Жыйында президент Сооронбай Жээнбеков “өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын эң башкы айырмасы адамдын дараметин өнүктүрүүгө багытталганында болот” деп айтты. Бирок жыйында буга чейинки стратегияларда деле айтылган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү аткарылбай калганы тууралуу сөз болду.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2040-жылга чейинки стратегияда жарандардын ролуна, укуктарына көбүрөөк орун берилип жатканын, жоопкерчилике басым жасалганын белгиледи. Ал өкмөттүн иш-аракети элдин бакубаттыгын, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга, аймактарды өнүктүрүүгө, экспорттук потенциалды жогорулатууга, жумуш орундарын түзүүгө багытталарын айтты:

2040-жылга чейинки улуттук стратегия 80ге жетпеген барактан, анын ичинде “Адам, үй-бүлө, коом”, “Экономикалык бакубаттык жана өнүгүү үчүн чөйрөнүн сапаттуулугу“, “Мамлекеттик башкаруу” жана “Өнүгүүнү башкаруу” деген чоң төрт бөлүктөн турат.

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов буга чейинки кабыл алынган стратегиялар дээрлик ишке ашпай калганын эске салды. Ал негизги маселе каражатка барып такаларын билдирди.

Кыргызстанда 2040-жылга чейин узак мөөнөттөгү стратегия жазуу боюнча былтыр жазында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев да демилге көтөргөн.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: