Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков Араван районунда фермерлерди ЕАЭБдин, Кытайдын жана Европанын чоң рынокторуна чыгуу артыкчылыктарын пайдаланууга чакырды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков  Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында  Араван районундагы «Бирлик» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердиги менен таанышты. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Кооперативдин ишмердиги тууралуу маалыматты анын жетекчиси Хамидулло Тажибаев  айтып берди.

Анын айтымында  кооператив учурда айыл аймагынын территориясында мамлекеттик фонд менен ижара келишиминин негизинде 68,7 га жерди пайдаланып жатат. Кооператив 1996-жылы түзүлгөн, пахтанын жана дандын элиталык үрөндөрүн өстүрөт.

Хамидулло Тажибаев «Бирлик» кооперативинде  экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жаткандыгын, алсак пахтанын түшүмү 2017-жылы гектарынан 32 центнерди түзгөн, ал эми 2016-жылы 29,7 центнер  болгондугун  белгиледи. Пахтанын үрөнү 2016-жылы 58 тоннаны түзсө, 2017-жылы 65,1 тоннага жетти.

Кооперативдин материалдык-техникалык камсыздалышы  жакшы,  дан сактоочу кампалар, чиркегичтери менен тракторлор, жүк ташуучу автомобилдер жана башка айыл чарба техникалары бар.

«Өлкөнүн айыл чарба сектору зор мүмкүнчүлүктөргө ээ, анткени дүйнөлүк рынокто көп суроо-талап кылынган экологиялык таза азык-түлүк менен Кыргызстан ЕАЭБтин, Кытайдын жана Евро союздун рынокторун ВСП+тун алкагында камсыз кыла алат.  Ички  бардык финансылык институттар, алсак Кепилдик фонду, Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду, мамлекеттик банктар  региондорго өзгөчө басым жасоо менен иштеп жатышат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал «Кооперативдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга жакында эле кол койгондугун эске салып, Мыйзам кооперативдердин ишин жакшыртууга, ошондой эле ички карама-каршылыктарды жана чыр-чатактарды жоюуга багытталганын айтты.

Хамидулло Тажибаев Мамлекет башчысына пахта талаасын көрсөтүп, өлкөнүн айыл чарба тармагынын келечеги жөнүндө маек курушту.

Президент Сооронбай Жээнбеков дыйканга мол түшүм алышын  каалап, эмгеги  үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: