Menu

Президенттин алдындагы Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жарандардын коомчулуктун энчисине айланган кайрылууларды карап жатат

Бөлүшүү:

Акыркы кезде жарандардын укуктарына тиешелүү болгон бул же тигил маселелер боюнча  Сооронбай Жээнбековго социалдык тармактар аркылуу кайрылуулар көп кездешүүдө. Бул туралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгы бул багытта мониторинг жасап, конкреттүү иштерди жүргүзүүдө.

Тактап айтканда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жакында Мамлекеттик экотехинспекциясынын мурдагы басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева  менен жолугушту. Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен жакын арада дагы бир жолугушуу болжолдонуп, анда  социалдык тармактарда айтылган конкреттүү фактылар дыкаттык менен иликтенет, талкууга алынат.

Ошондой эле  темир жолдо коррупция фактылары тууралуу маалымдаган Алия Асанбаева менен жолугушуу өткөрүлдү.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы каза тапкан Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев менен жолугушту. Жолугушууда Турдали Кожоналиевге кызынын каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши боюнча конкреттүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул кылмыш иши сотко өткөрүлүп, сентябрдын башында териштирүүлөр башталат.

Белгилүү болгондой, Президент Сооронбай Жээнбековдун  Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында жергиликтүү калк менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жолугушууда Базар-Коргон мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматынын мурдагы кызматкери  Таалайбек Исаев  Мамлекет башчысына  Базар-Коргон  райондук жерге  жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Э.Тарыхчиевге козголгон ишти жекече көзөмөлгө алууну өтүнгөн. Анын айтымында жетекчиси аны  «иш кабинетинде ур-токмокко алып, травматикалык пистолет менен атып, майып кылып койгон».

Таалайбек Исаев  «жумшак жаза колдонгон» деп соттун чечимине нааразы. Анткени аны ур-токмокко алган мамлекеттик кызматкер  көп өтпөй эле  муниципалдык кызматты ээлеп калган.

Бул кайрылууну карап чыгып, Коопсуздук кеңеши кайрылууда айтылган жагдайларга  юридикалык жактан баа берүү үчүн укук коргоо органдарына  жөнөттү.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: