Расмий визиттин экинчи күнү Президенттер Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форумга катышышты жана Бишкек шаарындагы Борбордук мечитти ачышты. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.
Сооронбай Жээнбеков жана Режеп Тайып Эрдоган ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медициналык факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салышты.
Визиттин программасына ылайык, кечээ, 2-сентябрда Режеп Тайып Эрдоган Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана спикер Дастан Жумабеков менен жолугушту.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ