Menu

Душманды алыстан издебегиле… Террорчуларга жардам берген кыргыз чек арачылар колго түштү

Бөлүшүү:

УКМК Чек ара кызматы менен биргеликте контртеррористтик иш чаралардын жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөзүүдө коопсуздукту камсыздоонун алкагында Сириядагы согуш аракеттерине катышып жаткан Эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) катарына рекруттарды жөнөтүү боюнча атайын каналынын иши токтотулду. Маалыматка ылайык, КР жарандары О.Н. жана Ш.Н. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын кызматкерилеринин (МЧК) колдоосу менен, аларга жең ичинен акча берүү жолу аркылуу жоопкерчиликтен качып жүргөн адамдардын документтерине, чек араны кесип өтүүсү үчүн уруксаат берүүчү мөөрдү мыйзамсыз түрдө басып турушкан. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында буга окшош 7 факты аныкталды. Мындан сырткары дагы 10 факт текшерилүүдө. Быйылкы жылдын 4-сентябрында эле Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн ЭТУ мүчөсү болгон коңшу өлкөлөрдүн биринин жаранынын паспортуна мөөр басып жаткан жеринен МЧК кызматкери С.М. кармалды. Бул фактылардын негизинде бир нече кылмыш ишин козгоду. Эгер аскердик ант берип, офицердик наамга чейин жеткен кызматкерлер өз өлкөсүнө мындай чыккынчылык кылып жатса, анда душманды алыстан издебей эле коюшубуз керек турбайбы. Бул мекенин саткан чыккынчылыкка барабар кылмыш эмеспи. Көрсө, Сирия, Ирак, Ооганстан жана башка өлкөлөргө кыргызстандык жарандардын көп кетип жатышына чек арачылардын да “салымы” бар турбайбы. Уставдан тыш мамиле менен кызмат абалынан кыянаттык түрдө пайдалануу сыяктуу терс көрүнүштөр Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө көп эле кездешет. Бирок акча үчүн террорчуларга “жолдомо” берген офицерлер биринчи ирет кездешүүдө. Андыктан, Башкы командачы – Президент тазалоону эң оболу министрлер менен генералдардан баштаганы туурадыр…

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: