Menu

Фото – ИИМ: Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия (Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан) мамлекеттеринин ички иштер министрлеринин биринчи кеңешме жыйыны жыйынтыкталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин (Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан) ички иштер министрлеринин кеңешме жыйналышы өттү. Мындай форматтагы иш-чара биринчи жолу өткөрүлгөндүгүн белгилейбиз.

Жогорудагыдай эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Астана шаарында болуп өткөн Орто Азия мамлекет башчыларынын биринчи кеңешме жыйынында айтылгандай Орто Азия өлкөлөрүндөгү достукту жана бейпилдикти күчөтүү үчүн аймактык кызматташтыкты жөнгө салууга багытталган.

Аталган жыйынга Таджикистан Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамро, Казакстан Республикасынын ички иштер министри, полициянын генерал-полковниги Касымов Калмуханбет Нурмуханбетович жана Өзбекстан Республикасынын ички иштер  министри, генерал-майор  Бобожанов Пулат Раззаковичтер башында турган делегациялар  тобу катышты.

Андан сырткары, аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагымбаев катышты. Коноктор менен учурашкан соң,  жыйындын катышуучуларынын жемиштүү кызматташтыгын жогору баалады. “Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековдун жана жеке өзүмдүн атыман Кыргыз Республикасы менен тыгыз кызматташып жатканыңар үчүн терең ыраазычылыгымды билдиремин.  Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши баңгизаттарды, курал-жарактарды жана жарылуучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы жана уюшкан кылмыштуулук,  эл аралык терроризм менен күрөшүүгө, чек арага чектеш райондордогу коопсуздукка өзгөчө көңүл бурат.  Бир гана бирдиктүү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында биз кылмыштын бул түрлөрү менен менен күрөшө алабыз.  Биздин мамлекеттердин кызматташуусу жаңы деңгээлге өтүп жатат.  Ошондой эле учурдан пайдаланып Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан  жана жеке өзүмдүн атымдан   Кылмыш иликтөөнүн 100 жылдык маарекесине карата ИИМдин ыкчам кызматкерлерин  куттуктаймын. Бүгүнкү күнү өткөрүлүп жаткан иш-чара учурдун талабы жана биздин өлкөлөрдүн кызматташтыгын, достугун бекемдеп турат”-деп билдирди.

Ошондой эле кеңешмеге Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан жана Таджикистан Республикаларынын ички иштер министрлигинин  башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилериннин катышуусунда өттү. Тактап айтканда   аталган мамлекеттердин чек-араларына чектешкен облустарынын (Кыргызстан) Чүй ОИИББнин, Ысык- Көл, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен ОИИБнин, (Казакстан) Алмата жана Жамбыл ички иштер департаментинин жетекчилери, (Таджикистан) ИИМдин Согдий облусунун башкармалыгынын,  (Өзбекстан) Андижан, Наманган, Фергана ички иштер башкармалыктарынын  башчылары катышышты.

Аталган иш-чарада Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, “Баарынан мурда Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Таджикистан Республикасынын,  Өзбекстан Республикасынын ички иштер министрликтеринин бирдиктүү Кеңешмесин өткөрүү демилгесин  колдогонуңар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Мындай форматтагы жолугушуулар биздин министрликтердин аймактардагы кызматташтыгынын бекемдөөсүнө умтулуп жаткандыгын далилдейт”,-деп сөз сүйлөдү.

Андан сырткары, Кашкар Джунушалиев белгилегендей, мындай иш-чаралар эч качан мамлекеттин кызыкчылыгын артта калтырбай, биздей эле муктаж болгон коңшу өлкөлөрдүн дагы тынчсыздандыруусун жараткан чек арага чектеш  аймактарындагы кылмыштуулук чөйрөсү  менен күрөшүүдө чоң мүмкүнчүлүктөрдү берет.

“Мындай  көп тармактуу кеңешме Борбор Азиянын ички иштер министрликтеринин эл аралык терроризм жана экстремизм, баңги кылмыштуулугу, уюшкан кылмыштуулук, ошондой эле санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүдө шарт түзүп берет деген ишеничтемин. Бул кеңешмени өткөрүү салтка айланып, бизди профессионалдык-кызматтык жактан жакындатып, бири-бирибизди жакындан түшүнүүгө, мамилени бекемдөөгө жардам берген кеңешме болот деген үмүттөмүн”-деп министр Кашкар Джунушалиев билдирди.

Ошондой эле Борбор Азиянын мамлекеттеринин ички иштер органдары бири-бирибиз менен мамилени жакшыртып, уюшкан кылмыштуулукка, электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтууга бөгөт коюп,  кибер терроризм менен кибер экстремизмге каршы  күрөшүү тажрыйбалары менен бөлүшүп, республиканын чек арасына чектеш аймактардагы жарандардын тартиби менен коопсуздугун камсыздоо үчүн ички иштер органдарынын мамилесин жакшыртуу керектиги айтылды.

Ички иштер министри өз сөзүндө оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөндөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн кармоо үчүн республиканын чек арасына чектеш аймактарынын ички иштер органдарынын тыгыз мамилесин бекемдөөгө багытталган  бирдиктүү иш-чараларды жүргүзүүнү сунуштады.

Кашкар Джунушалиев,  Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Таджикистандын укук коргоо органдарынын тыгыз иштөөсү жана макулдашылган ыкмаларынын натыйжасында гана аймактардагы эл аралык кылмыштуулук менен күрөшүү, автоунаа каражаттарын, ок атуучу куралдарды, мал уурдоого бөгөт коюу мүмкүн экендигин кошумчалады.

“Кыргыз Республикасынын ИИМи КМШнын мамлекеттеринин алкагында жүргүзүлүп жаткан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматташтыгын  жогору баалап, коңшу мамлекеттерди гана эмес, бүткүл дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан баңгизаттарга байланышкан актуалдуу маселелерди бирге чечүүдөгү бирдиктүү күчтөрдү бириктирүүгө маани берет.

Андан сырткары,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри бүгүнкү күндө электрондук капчыктарды колдонуу менен интернет булактары аркылуу синтетикалык жана акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жайылтуу күч алып жаткандыгына байланыштуу ага каршы туруу үчүн бирдиктүү иштерди жүргүзүү керектигин баса белгиледи.  Кылмыштын бул түрү жалпы жана эл аралык мүнөздү камтып жаткандыгына байланыштуу биздин тиешелүү кызматтардын өз ишмердүүлүктөрүндө тажрыйба бөлүшүү үчүн бирдиктүү иштерди жүргүзүү керек.

Компьютердик технологиялардын жана бүткүл дүйнөлүк интернет байланыштарынын  өнүгүүсүнө байланыштуу  “Кибер-экстремизм” менен “Кибер-терроризм” күч алып, коомчулукта тынчсыздандыруу жаралууда. Алардын максаттарына саясий жана экономикалык туруксуздук, саботаж, мамлекеттик, аскердик же жарандык активдер менен булактарды уурдоо кирет. Ошондой эле көбүнчө интернет тармагында терс көз караштарга үгүттөө, кайрымдуулук көрсөтүү үчүн акча каражаттарын которуу керектиги боюнча ойдон чыгарылган жалган маалыматтар, андан сырткары,  диний агымдарга кирүүгө үгүттөө, теракттарды уюштуруу, психологиялык коркутуулар,  шантаж кылуу үчүн маалыматтарды топтоо сыяктуу кибер-экстремизмдин  көрүнүштөрү байкалууда. Ошондуктан маалыматтык коом баарынан мурда аталган коркутуулардан коргоого муктаж  болууда.

Аталган чөйрөдөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө аймактарда бирдиктүү маалыматтык база түзүп, биздин түзүмдөр тарабынан кибер-экстремизм, кибер-терроризм кылмыштарын аныктаган, иликтеген,  бетин ачкан  адистерди жана эксперттердин иштерин жакшыртуу керек”-деп Кашкар Джунушалиев өз баяндамасында  баса белгиледи.

Борбор Азиядагы мамлекеттердин чек арасына жакын жайгашкан аймактардагы коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдары мамилелерин бекемдеп, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кызматташуусун жакшыртуу үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМи  тиешелүү чараларды сунуштады:

Бирдиктүү алдын алуу, ыкчам жана тергөө иштерин жүргүзүү үчүн ченемдик-укуктук базаларды жакшыртуу менен мүмкүн болушунча унификациалоо;

Уюшкан,  чек аралык жана эл аралык кылмыштуулукка каршы аракеттенүүгө багытталган стратегияларды жана иш-аракеттерди  ишке ашыруу үчүн натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу;

Кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү маанилүү документтерди иш-жүзүнө ашырууга мүмкүн болгон эл аралык кызматташтыкттарды бекемдөө;

Тиешелүү кадрларды даярдоо үчүн ИИМдин окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты, илимий потенциалын жана тажрыйбалары менен бөлүшүнүү өнүктүрүү;

Бир гана жетекчилик курамдардын катышуусунда гана эмес, тиешелүү адистердин, эксперттердин катышуусундагы жыйындарды өткөрүү;

Республикалардын ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн чек арадагы кылмышкерлерди кармоо, кылмыштын ар кандай түрлөрүнө бөгөт коюу, дайынсыз жоголгондорду издөө боюнча ыкчам-издөө, алдын алуу иш-чаралары боюнча бирдиктүү иштик кеңешмелерин жүргүзүү.

Сөзүнүн аягында Кашкар Джунушалиев биздин аймактардагы коопсуздукту камсыздоо боюнча маанилүү кадамдарды жасаш үчүн аталган кеңешме өз убагында өткөрүлгөнүн жана көйгөйлөрдү чечүүдө бирдиктүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Мындай форматтагы иш-чараны ачык-айкындуулук менен өткөрүү азыркы учурда козголуп жаткан маселелерди жеринен чечүүгө жана талкууланып жаткан көйгөйлөрдү чечүүдө көрүлүп жаткан бирдиктүү иш-чараларды аныктоого түрткү болду.

“Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, баарыңардын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишиңерге ийгиликтерди жана өзүңөргө бекем ден соолукту,  бейкуттукту каалап кетмекчимин”-деп билдирди.

Күндүн биринчи жарымында кеңешменин катышуучулары уюшкан кылмыштуулукка, экстремизм жана терроризмге (анын ичинде Интернет тармагындагы) каршы аракеттенүү, чек араларга чектеш райондордогу коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча ички иштер органдарынын мамилесин бекемдөө максатында кеңешменин катышуучулары төрт топко бөлүнүштү.

Бирдиктүү кеңешменин жыйынтыгында Борбор Азия мамлекетеринин ички иштер министрликтеринин (Кыргызстан, Казакстан, Таджикистан, Өзбекстан) биргелешип иштешүүсү боюнча Протоколуна кол коюлду.

Андан сырткары, Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрликтеринин  отурумунун алкагында  уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү, экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү тажрыйбалары менен бөлүшүү, чек арага чектеш аймактардагы коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодогу иштешүү боюнча бирдиктүү планга кол коюшту.

Ички иштер министрликтеринин катышуусунда өткөн жыйын достук, иштиктүү жана жагымдуу чөйрөдө өттү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: