Menu

Гонконгдо электрондук тамеки тартууга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Гонконг “вейп” же электрондук тамеки тартууга  мыйзамдуу түрдө тыюу салды.  Бул чечимди  Кытайдын административдик районунун  бийлиги  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму  чыгарган тыянакка  таянып   негиздеген.   Андан сырткары  бир катар  жаңы тамеки  продукцияларына да чектөө койду.

Муну менен Гонконг  электрондук тамеки тартууга тыюу салган 27 өлкөнүн катарын толуктады.

Бул тууралуу  Гонконгдун административдик жетекчиси Кэрри Лам Чэн Ютно  10-октябрь күнү билдирди.

Бул чечим күтүлбөгөн болду деп айтууга болот, себеби региондун жетекчилиги электрондук тамекилерди жашы жетелектер үчүн гана сатууга тыюу салууну пландап жаткан.

Эске салсак, былтыр Ватикан биринчилерден болуп тамеки продукцияларын сатууга тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыккан.

Мындан сырткары, үстүбүздөгү жылдын жаз айында Грециянын Жогорку Соту электрондук тамеки тартууга кадимки тамекини коомдук жайларда тартууга тең  келген  юридикалык жоопкерчиликти коюу тууралуу чечим кабыл алган.

Айта кетсек,  изилдөөлөргө ылайык, “вейпинг” адамдын  шилекейинде формальдегидди жогорулатып,  адамдын ДНКсына терс таасирин тийгизет жана  рак ооруларына алып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: