Menu

Түркиядан учуп келген жаран башка паспорт менен кармалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 11 – октябрда “Манас ” аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунун кызматкерлери Түркиядан башка паспарт менен учуп келген кыргыз жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Паспортторду текшерүү учурунда №7040 Стамбул—Бишкек каттамындагы учуп келген жүргүнчүлөрдүн бири  1998 – жылы төрөлгөн  Э.Б.  кызынын наамындагы паспортту көргөзгөн. Чек арачыларга кыздын келбети паспорттогу сүрөткө окшошпогондугу   шектенүүнү жараткан. Кыздын документтерин кылдат текшерүүнүн  натыйжасында андагы  штамп жана мөөр жасалма экендиги жана жаран чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү тастыкталды. Мындан сырткары кызды суракка алуу учурунда ал 1995 – жылы туулган  А.К.  болуп чыкты. Көрсө мурун А.К.  Түркиянын миграциялык мыйзамын бузгандан улам ага өлкө аймагына кирүүгө  тыюу салынып депортцияланган . Ошондуктан кийинки барганда  башка наамдагы паспорт менен кирип чыгууга мажбур болгонун түшүндүргөн.

Маалыматка  ылайык , 2017 – жылы “Манас эл аралык” аэропортунан Түркияга учуп баратканда кыргыз чек арасынан өзүнүн паспортун көрсөтүп өткөн, бирок Стамбул шаарына конгондо түрк чек ара кызматкерлерине Э.Б.  кызынын наамындагы  жасалма паспортту көрсөтүп өткөн.

Керектүү документтер толтурулган соң чек арачылар шектүүнү УКМК кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: