Menu

Өкмөт Digital Casa долбоорун $25млнго каржылоо документин жактырды

Бөлүшүү:

Ошондой эле премьер- министр 2018-жылдын 4-октябрында кабыл алынган токтому менен  өкмөттүн Digital Casa долбоорун каржылоого карата берген тыянагын жактырды.

Аталган долбоордун максаты катары  Борбор Азиянын деңизге чыгуусу жок жана Түштүк  Азиянын өлкөлөрүн  интеренет менен камсыздоо,  анын сапатын жакшыртуу, жеке секторго инвестиция тартуу аркылуу  мамлекеттердин саясий-укуктук базасын чыңдоо болуп эсептелет.

Digital Casa Кыргызстан долбоорунда төрт логикалык байланышкан компоненти бар.

  1. Телекомпаниялар инфраструктурасын өнүктүрүү компоненти (регионалдык санариптик байланыш инфраструктурасы)
  2. Санариптик платформа жана “акылдуу” чечимдерди өнүктүрүү компоненти (маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча борборлор, санариптик платформалар жана интеллектуалдык чечимдер)
  3. Инстиитуттук өнугүү жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган жагымдуу айлана чөйрө түзүү.
  4. Программаны башкаруу жана санариптик лидерликти өнүкүрүү Өкмөт Бишкек шаарында 2018-жылдын 2-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен  Эл арарлык өнүктрүү ассоцияциясы ортосундагы  Digital Casa долбоорун каржылоону ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун компоненти.

Биринчи компонентте   интернеттин өлкө аймагында өткөорүү   касиетин жогорулатуу,  анын  тармактарын расмий кылып которуу  каралган.

Экинчи компонент  санариптик платформаларды жаратуу,  булуттук  технологиялардын негизиндеги кызматтарды өнуктрүүнү  камтыйт.  Калкты тейлөөдө санариптик кызматтарды  Euroasia Cloud жана өкмөт учун Government Cloud  сыяктуу кызматтарды иштеп чыгууну көздөйт.

Үчүнчү компоненттин негизинде санариптик экономика тууралуу кабардар кылуу үчүн ар кандай агартуу иштерин жүргүзүү,  долбоорду ишке ашыруу үчүн укуктук жана институционалдык негиздерди жаратуу идеясы жатат.

Төртүнчү компонент эл аралык аудиттерди, мониторингтерди, экологиялык, социалдык жактан долбоорду  баалоону камтыйт.

Аталган каржылоо тууралуу макулдашууга ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы  Кыргызстанга $25млн бөлүп берет, насыяны төгүү   2024-жылдын 15-апрелинен башталат.
Насыяны тейлөө үчүн комиссия

Алынбаган калдыкты резервдөөгө – 0,5% жылына

Насыянын калдык каражатын тейлөө үчүн- насыянын төлөнгөн суммасынан жыл сайын 0,75%ды түзөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: