Menu

Азамат Аспеков: “Мен Кыргызстанда № 1-тамадамын”

Бөлүшүү:

-Азамат, өз кесибиң боюнча юрист экенсиң, кантип тамада болуп калдың? Дегеним, тамада болуу үчүн да чыгармачылык шык, талант, эл алдында сүйлөө, элди өзүңө тарта билүү, ынандыруу сапаттары болушу керек

– Тамада болуу ар бир баланын кыялы болбосо керек. Дегеним, эч ким бала кезинен тамада болом деп кыялданып чоңойбойт. Ар бирибиз эле көнүмүш болгон, бизде абдан көп юрист, экономист деген кесиптердин ээси болууну кыялданып, кайсы бир чоң жерде креслодо отурганыбызды элестетип чоңоёбуз да. Азыр баарыбыздын эле чоң болуп, саясатка аралашкыбыз келип калды. Бирок мага бул нерсе жакпайт. Саясатка аралашкым келбейт. Саясаты жок эле элге кызмат кылса болот экенин эбак эле түшүнгөм. Ошондуктан өз кесибим менен иштебей, тамадалыкты тандап алдым. Тамада болушума өзүм окуган окуу жайдагы маданий иш- чараларга катышуум башкы себеп болду. Окуу жайдагы иш-чараларды алып барып, уюштуруп жүрүп тамадалык жакшы кесип экенин билдим да, ушул жолду тандадым. Окуу жайды бүткөндөн кийин Жаныбек Алыкулов агай менен иштешип, агайдан тамадалык өнөрдүн сырларын үйрөнүп, андан кийин тойлордо элиме кызмат кылып тамада болуп иштей баштадым.

– Канча жылдан бери тамада болуп тойлордо кызмат кылып келе жатасың?

– Юридикалык академияны бүткөндөн тартып эле тамада болуп, элдин жакшылыктарында кызмат кыла баштадым. Ошондо эрке бала кызматында жүргөнүмө 8 жыл болду. 8 жылда ар кандай жагдайларга туш болдум. Бара-бара такшалып, көп нерсеге көзүң жетип, чөйрөгө жараша той башкарганга да көнүп калат экенсиң. Азыр элдин да психологиясы өзгөрдү. Мурда элди күлдүрүү, шаң тартуулоо үчүн ар кандай күлкүлүү оюндарды ойното турган болсок, азыр эл салмактуу нерселерге көңүл бура баштады. Мындан 5-6 жыл мурда колдонулган сөздөр, оюндар ойнотулбай калды. Эл салмактуу, оолуттуу алып барган тамадаларды жактырып, тойлорго көп чакыра баштады. Албетте, бул жакшы өзгөрүш мени кубантат.

– Сен жашсың, жаш тамадаларга көп адамдар ишеним арта албаса керек. Сени тойго чакырууда жаш экенсиң, кандай алып барасың деп сурашабы? Деле чакыруулар болобу?

– Балким, жаш дешээр. Бирок тойду жогорку деңгээлде алып баруу жаштан көз каранды эмес го дейм. Жаштар идеяга бай, энегриялуу чарчабай, талыкпай изденип, ар бир тойду, иш-чараны ар башка кылабыз. Кудайга шүгүр, чакыруулар көп. Көп тамадалар күз айында гана сезон деп иштеп калышса, биз жыл бою жумушсуз отурбайбыз. Чакыруулар дайыма болуп турат. Себеби биз ресторан, кафелер, алып баруучу балдар менен тыгыз байланышта болуп, кызматташып турабыз. Бирибизде чакыруу көп болуп калса кызматташтыктагы башка тамадаларга чакыруулардан бөлүшүп турабыз. Бул да жакшы ынтымак жана колдоо деп билем.

– Той алып барган тамадалардын баарынын эле алып барганы бирдей, эч бир өзгөчөлүк жок дегенге кандай жооп айтасың?

– Бул сөзгө кошулбайм. Той алып барат десе эле чачты тарап, кийинип алып эле кечинде барып калбайбыз. Той ээси тамада болуп бер дегенден тартып эле ал той ээси туурасында изилдеп, баарын тактап билип, ошого жараша программа түзүп, мурдагы тойлордо болбогон нерселерди кошуп катуу даярдык көрүп, андан кийин гана алып баруу ишине киришебиз. Башкаларды айта албайм, менин алып барууларым бири-бирине окшобойт. Элден да сенин алып барганын башка тамадага окшош же бир тойдогу алып барганыңды кайталадың дегенин уккан эмесмин. Ким изденсе, иштесе ал башкаларга окшобойт.

– Сенде кандай өзгөчөлүктөр бар?

– Эми баарыбыз кыргыз болгондуктан өзүбүзгө тиешелүү каада-салт бар. Тамадалар атайын бир рамкадан чыга албайбыз. Себеби биздин каада-салт каалагандай алып барууга жол бербейт. Салтты сыйлабыз. А өзгөчөлүк болсо сөздөр, стиль, оюндардан болсо болот.

– Тамада кесиппи же акча табуучу булакпы?

– Тамадалыкты кесип деп билем. Себеби биз бул кесиптин арты менен үй-бүлөбүздү багып жатабыз. Акылыбызды, билимибизди, убактыбызды, күч-аракетибизди жумшап эмгектенип келебиз. Ошондуктан эч ойлонбой эле тамадалык менин кесибим деп айта алам. Бул кесип мага жагат жан дүйнөм каалаган, сүйгөн кесибим.

– Өзүңдү №1 тамада деп атап келесиң, бул орунду эмнеден улам көрсөтүп келесиң?

– №1 деген орунду мен өзүм эле алып алган эмесмин. Айрым билбегендер Азамат өзүн укмуш көкөлөтүп, мактанып алган го деген пикирде болушу мүмкүн. №1 деген орунду 2015, 2016, 2017-жылдары социалдык тармактар аркылуу «Эң мыкты» тамада деген элдик тандоо болгон. Ошол интернет аркылуу тандоодо 2016-жылы № 1 тамада деген наамга татыгам. 2017-жылы орус тилинде тандоо жүрүп «№ 1 ведущий нового поколения» деген сыйлыкка татыгам. Бул наамдарды мага элим берген. Ошондуктан эч тартынбай эле тамада №1 деп айта алам жана өзүм үчүн мен дайыма №1 тамадамын.

– Өз кесибиң юрист эмеспи, кесибиң менен иштейсиңби?

– Ооба, учурда адвокат болуп эмектенем. Тамада менен адвокаттын көп окшоштуктары бар. Экөөндө тең эл алдында сүйлөйсүң. Тамадада да дикция, ынандыруу, элдин көңүлүн буруу керек болсо, адвокатта да ошол эле нерселер керек. Тамада болгонумдун азыр өз кесибиме да пайдасы тийип жатат.

– Тойдун мыкты өтүшү кимден көз каранды?

– Албетте, элден жана тамададан. Кээде тойдо шаңдуу адамдар отуруп калат. Айрым учурда шаан-шөкөттү сүйбөгөн, кабактары салыңкы суз адамдар келип калат. Тамада ошондой учурда элдин маанайына карап, ар бирине туура мамиле жасап, таарынтып албай жумшак сөз, шаңдуу программа менен элдин кабагын ачып, шандуу отурганына жол таба алышы керек дейм. Эл жакшы отурбай койду деп эле эптеп-септеп бүтүрүп койгон туура эмес. Той ээси тамаданын эмгегине акы төлөп жаткандан кийин той той ээсине жагышы зарыл жана келген эл ыраазы болуп кетиши шарт.

– Сен башкарган той той ээсине жакпай калып, кемчиликтериңди айткан учурлар кездешеби?

– Албетте, андай учурлар болгон, азыр деле болуп турат. Көбүнчө акын агайларыбыз кемчиликтеримди айтып, кеңештерин берип турат. Алардын айткандарын туура кабыл алып, жыйынтык чыгарып, кемчиликтеримди оңдоп келем. Негизи адамга сын айтылбаса ал өспөйт, иштебейт, изденбейт. Туура сын адамды өстүрөт, болгону туура кабыл алып, жыйынтык чыгара билүү керек.

Жаркынай Кадыркулова

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: