Menu

Икрамжан Илмиянов «Вечерний Бишкек» гезитин рейдерлик жол менен басып алуу боюнча да суракка алынышы керек

Бөлүшүү:

Биз 7 жылдан бери көптөгөн кылмыш иштерине шектүү деп тынбай жазып келаткан Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмиянов акыры абакка алынды. 20-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 2 айга УКМКнын убактылуу кармоочу абагына киргизди. Бирок, азырынча Илмиянов бир эле кылмыш иши боюнча айыпталып, суракка алынууда. Расмий маалыматтар боюнча 2017-жылы июнда КР Каржы полициясы “Дизель комплект” аттуу фирмага ири суммадагы салыктарды төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш ишин козгогон. Бул фирманы россиялык жарандар “Бишкек” эркин  экономикалык зонасына каттатып коюшуп, Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга “БелАЗ”, “МАЗ” жана “ГАЗ” жүк ташуучу машиналарын ири өлчөмдө сатып турушкан. Бирок, Кыргызстандан ири суммадагы салыкты жашырып, төлөбөй келишкен. Каржы полициясы мына ушуну казып чыгып, “Дизель комплект” ишканасын жарга такап, жетекчилерине кылмыш ишин козгоп, камакка аларда бул ишке Икрамжан Илмиянов аралашкан. Ал 2017-жылы 8-августта “Дизель комплект” ишканасынын өкүлдөрүнөн $150.000. пара алып,  аларга 17 млн сом гана салык төлөтүп, кылмыш ишин жаптырып салган. Биздин маалыматтар боюнча ал кездеги КР Каржы полициясынын жетекчиси Икрамжан Илмияновдун көздөй кадры болгон. Ал укук коргоо органдарындагы көптөгөн кылмыш иштерин ушундай жолдор менен жаап келген. Ошондуктан УКМК “Шоопурдун” бир эле фактысын иликтебестен, баардык тараптан терең изилдеп, бул кылмыштар схемасын казып чыгуу менен жүздөгөн кылмыштардын бетин ачып берсе кийинки чиновник-ортомчуларга сабак болот эле жана коомчулукта бир да кылмыш жазасыз калбайт деген ишеним пайда болот болчу.

Ошондой эле 2015-жылы апрелде Алмаз Атамбаевдин жасоолдору “Вечерний Бишкек” гезитин рейдерлик жол менен басып алышкандыгы чоң ызы-чууну жараткан.  Гезиттеги өз үлүшүн мурун сатып кеткен Александр Рябушкинди пайдалануу менен бийлик гезитти кожоюну Александр Кимден толугу менен тартып алып, анын өзүнө кылмыш ишин козгоп, куугунтукка алышкан.  Мурунку Ички иштер министри, милициянын генералы Өмүрбек Суванавлиев бул ишке Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү Икрамжан Илмиянов, Эркин Мамбеталиев, Абдил Сегизбаев жана Фарид Ниязовдорду ачык эле айыптап чыгып, алар “Вечерний Бишкек” гезитин , анын типографиясын жана “майлуу-сүттүү” “Рубикон” жарнамалык фирмасын рейдерлик жол менен тартып алышты деп билдирген. Бүгүн мына ушул фактыларды тыкыр иликтөөгө, тергөөгө убакыт келип жетти. Икрамжан Илмиянов мына ушул факты боюнча да суракка алынып, ага укуктук баа берилиши керек.

Анын үстүнө жакында эле укук коргоо органдары “Вечерний Бишкек” гезитинин мурунку кожоюну Александр Кимдин арызы боюнча 2015-жылы анын мүлктөрүн Александр Рябушкинге бийликтин жардамы менен мыйзамсыз өткөрүлүп берилиши боюнча кылмыш ишин тергеп баштады. “Вечерний Бишкек” холдингинин жетекчилеринин кабинеттери тинтүүгө алынып, тергөөчүлөр тарабынан мөөр басылып, жабылды. Бул иш боюнча да жогоруда генерал Өмүрбек Суваналиев аттарын атаган Атамбаевдин жасоолдору суракка алынып, иш өзүнүн логикалык чегине чейин жеткирилиши зарыл. Ошондо гана коомчулукта ар бир кылмыш өз жазасын аларына ишеним пайда болот эле. Ошондо гана эл бүгүнкү бийликтин коррупцияга каршы күрөшүн бир демден колдоп кетмек.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: