Menu

Индияга боорун алмаштыруу үчүн кеткен Милан Садыкжан уулу кайтып келди

Бөлүшүү:

Боорун алмаштырууга операция жасатуу үчүн Индияга кеткен Милан Садыкжан уулу бүгүн 8-ноябрда мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Миландын операциясына каражат чогултууга жардамдашып, аны менен Инддиядан чогуу келген Медер Сапарбаев билдирди.

“Миланга 10 саат операция жасалды. Азыр мекенибизге чогуу учуп келдик. Ага донор болгон карындашы Диана Садыкжан кызынын да абалы жакшы. Дарыгерлер диета кармап, дарыларын калтырбай ичип инфекциялык оорулардан абайлашын эскертишти. Азыр 3 айга чейин жете турган дары-дармектерин ала келди. Эми 6 айдан кийин барып анализ тапшырат. Толук сакайып кеткенче жардамыбызды берип турабыз”, – деди Медер Сапарбаев.

Эскерте кетсек, боор оорусунан жабыркап келген Мирлан Садыкжан уулу кайрымдуу инсандардын жардамы менен 9-октябрда Индияга боорун алмаштыруу үчүн кеткен. Ага 12-октябрда 10 саатка созулган операция ийгиликтүү жасалгандыгы кабарланган. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 66

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: