Кыргызстандын жарандары “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашаарына ишеним артышпайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-ноябрда өткөн укук тартибин камсыздоо, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин көчмө жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.
Анын айтымында, “Коопсуз шаар” долбооорун ишке ашыруу боюнча жүргүзгөн өкмөттүн ишин комитет канааттандыраарлык эмес деп тапкан.
“Маселени чечүү ар кандай себептерден улам созулууда. Долбоор ишке ашпай жатат. Жарандар арасындагы ишенбестиктин деңгээли өтө бийик” – деп айткан Наталья Никитенко.
Мамлекеттик байланыш жана маалыматтык технологиялар комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев орусиялык “Вега” концерни долбоорду ишке ашырууга даяр экенин айтты.
“Азыркы учурда концерн кичи компаниясын каттоодон өткөрүп жатат. Жакынкы убакта процедуралык иштер жыйынтыкталат. “Коопсуз шаардын” экинчи этабын ишке ашыруу максатында жаңы жумушчу тобу түзүлдү. Камера орнотулуучу 147 орун аныкталган” – деп билдирген Бакыт Шаршембиев.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ