Menu

Видео – Лукашенко Пашинянга: “Эмне, балта жутуп алгансып олтурасын? Эр болсоң Путинди сындап көрчү! Ии, коркосунбу?”

Бөлүшүү:

Беларустун президенти Александр Лукашенко Беларусь менен Азербайжандын ортосундагы курал-жарак соодасына болгон Армения коомчулугунун дооматтарына жооп кайтарды.

“Мен Путиндин көзүнчө Пашинянга айттым. КМШнын саммитинен кийин, ал жерде Ильхам Алиев жана башка лидерлер бар болчу. “Никол, ушул маселенин башын ачып коёлу. Азербайжанга курал сатуу боюнча биринчи орунда ким турат? Ким? Россия,” деп айттым. “Эмне,  балта жутуп алгансып олтурасын? Путинге айтпайсыңбы. Эр болсоң Владимир Владимировичти сындап көрчү! Ии, коркосуңбү?! Экинчи орунду ким ээлейт? – Израиль. Үчүнчү орунда ким турат? – Түркия.  Төртүнчү орунда гана, “Полонез” системасын кошкондо Беларусь турат. Эгер “Полонезди”  кошпогондо Беларусь 10-орунда турмак” , дедим Пашинянга.

Маалымат иретинде: “Полонез” – беларустук реактивдүү ракеталык система, 2015-жылдан бери чыгарыла баштаган. Кытай өндүрүшүнөн чыккан ракеталарды 300 чакырымга чейин жеткирип, ата алат. Россиянын “Искандер” ракеталык системасына окшош. Бирок, беларустук аскердик-өнөр жай комплекси ойлоп таап, чыгарып, эл аралык рынокто сата баштады.

Кыргызчалаган: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: