Menu

Видео – Кожобек Рыспаев: “Бул жерде кээ бир депутаттар кыргыз улутун жактырбай, кыргыз калпагын жактырбай сүйлөшөт”

Бөлүшүү:

“Бул жерде “Кожобек Рыспаев” эмнеге эки чакырылышта тең комитеттин төрагасы болуп олтурат?” деп жатышат. 5-чакырылышта мен “Ар-намыс” партиясынан төрага болуп олтургам, “Ар-намыска” ракмат! Азыр 6-чакырылышта мен СДПКдан төрага болуп олтурам, СДПКга ракмат!”,- деп билдирди кечээ, 20-декабрда, паламентте вице-спикер Асел Кодуранованы кызматтан кетирүү маселесин кароо учурунда КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев.
“Комитеттин төрагасын кетирүү же кетирбөө бул комитеттин мүчөлөрү чече турган маселе. Ал эми бул жерде башка маселе – Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирүү же фракциянын аброюна шек келтирүү маселесин карашыбыз керек. Ротация деген жок, механизми жазылбаган ал жерде. Кээ бир депутаттар кыргыздын калпагын жактырбай, кыргыз улутун жактырбай сүйлөп жүрүшөт. Ал эми кыргыз эли аларды сыйлап, бир нече жолу добушун берип депутат кылып шайлап жатышат. Ошого да ыраазы болбойт, бул жерге келип партиянын кызыкчылыгын Жогорку Кеңешке аралаштырып жатышат. Партия Жогорку Кеңештин ички ишине аралашпаш керек. Жогорку Кеңеш өзү билет, кимди кызматтан алат, кимди коёт”, – деди Кожобек Рыспаев.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: