Кечээ, 21-декабрда социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Благовещенск айылындагы үй-бүлөлүк медициналык борбордун балдар врачы орууканага ата-энеси алып келген оруу баланы карабай жаткан жаңжалдуу видеотасма тараган.
Ал тасма боюнча КР Саламаттыкты сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүп, Гиппократтын антын аткарбаган N11-үй-бүлөлүк медициналык борбордун А.Э. аттуу врачын министрликтин 21-декабрдагы N208-буйругу менен жумушунан кетирилгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Сузак районунун Үй-бүлөлүк медициналык борборунун жааматы менен жыйын өткөрүлүп, мындан ары мындай жоруктарга жол бербөө эскертилди.
https://www.youtube.com/watch?v=XJ3jWMp8EBM&t=3s
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ