28-февралда Кыргызстандын Жогорку соту Туркиянын мамлекеттик фондунун «Н-Т Китап Кыртасийе Бюро Малземелери Пазарлама ВЕ Туризм Тиджарет Аноним Ширкети» компаниясына карата административдик доосу боюнча ишти карап, канааттандырды. Бул тууралуу соттон билдиришти.
Аталган доо арызда Кыргызстандын Юстиция министрлигинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы «КАҮNАК» («КАЙНАК» ЖЧКсы) ишканасын мамлекеттик кайра каттоо тууралуу №2664 буйругун жараксыз деп табуу өтүнүчү келтирилген.
«КАҮNАК» холдингинин Түркиядагы ишмердүүлүгү «Фетхуллах Гүлен жамаатына түздөн-түз тиешеси бар» деген жүйө менен сотко берилип, ишканалардын жетекчилери камакка алынган.
Түрк элчилиги «Фейсбук» баракчасында, бул соттук жараяндын үч жылдан бери жүрүп жатканын жана ФЕТО уюмунун сот алдында чет өлкөдө биринчи жолу Кыргы-станда утулганын жазган.
Түрк массалык маалымат каражаттарында бул соттук жараян боюнча кеңири маалымат берилип, серепчилер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий мамилелер жакшы нукта баратканын баса белгилешти.
Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайип Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ