Menu

Видео – Жылдыз Мусабекова, КСДПчы: “Рита Карасартова УКМКнын ар бир бөлүмүндө бирден ФСБнын өкүлдөрү олтурат деп айтууда, УКМК унчукпайт”

Бөлүшүү:

“Урматтуу депутаттар, гейпарад менен бул жерде кыргыздын каада-салты, үрп-адаттары тепселип жатса, маскаралап жатса уялбайсыңар да, анан гейлерди талкуулагандан уялганыңарга такыр түшүнгөн жокмун”, – деп билдирди бүгүн, 13-мартта парламенттин отурумунда КСДПчы депутат Жылдыз Мусабекова.
“Мен кыргыздын кызымын да, мен чыдаган жокмун да, мына коңшу өлкөлөр шылдыңдап атат биздичи, “ары жок кыргыз, көк бөрү ойноп, ак калпак кийип, туу көтөрбөй эле койгула мындан кийин. Силердин көчөңөрдө гейлердин кызыл-тазыл желегин көтөрүп алып басып жүрөт” деп. Биз бул нерсеге мыйзам аркылуу бөгөт коюшубуз керек”, – деди Мусабекова.
“Мен СНБнын өкүлүнө суроом бар да, укук коргоочу, НПОчу Рита Карасартова “Говори ТВ” сайтына интервью берип, бул акциянын артында ФСБ турат дейт, “биздин УКМКнын ар бир бөлүмүндө бирден ФСБнын өкүлү олтурат” дейт да. Ушинтип “5-каналга” айтып жатат, “Азаттыкка” айтып жатат. Болгон жерге айтып жатат. Бирок УКМКнын өкүлдөрү бир жооп берген жоксуңар. Силердин ар бир бөлүмүңөрдө бирден ФСБнын өкүлү олтурат дегенге эмне дейсиңер? Карасартовадан сурагыла да”кайсы негизге таянып айтып жатасың” деп”, – деди Мусабекова.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: