Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз үчүн билдирүү жасады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 16-апрелде Берлин шаарында, Германия Федеративдик Республикасынын Канцлери Ангела Меркель менен жолугушуусунун алкагында басма сөз үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчы Германияга расмий визит менен келүүгө чакыргандыгы үчүн Ангела Меркелге ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн биз эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулайбыз жана келечектин пландарын белгилейбиз. Акыркы жылдарда жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар бир топ активдешти.  Буга 2016-жылы Федералдык Канцлер Ангела Меркелдин Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келиши өбөлгө түздү», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, бүгүн Федералдык Президент Франк-Вальтер Штайнмайер мырза жана Бундестагдын Президенти Вольфганг Шойбле мырза менен маанилүү саясий жолугушуулар болуп өттү жана мазмундуу жана жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«Алар эки тараптуу карым-катнаштын бардык тармактарын ичине камтып, өз-ара ишеним жана түшүнүү маанайында болуп  өттү. Кечээ Мюнхен шаарында Бавариянын жетекчилиги  жолугушууларды өткөрдүм.  Ханс Зайдел атындагы Фонддо чыгып сүйлөдүм. Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кенен айтып бердим. Биз эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан кыргыз-герман ишкерлер-форумун өткөрдүк.  Экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган байланыштар  түзүлдү.  Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда 10дон ашуун маанилүү документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдерге жана меморандумдарга кол коюлду. Алардын жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык евро түзөт», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына — соода-экономикалык, өнөр-жай  тармагы, гидроэнергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм  кирет. Кыргызстан үчүн Германиялык инвестицияларды тартуу, чакан жана орто ишкердикти түзүү жана айыл чарбада кызматташуу актуалдуу болуп эсептелет.

«Кыргыз Республикасы бүгүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жактан активдүү түрдө жаңылануу жолунда баратат. Биздин негизги максат — экономикасы өнүккөн, парламенттик демократиялуу укуктук мамлекетти түзүү болуп саналат. Жалпысынан, биз кыргыз-герман карым-катнаштарынын өнүгүү деңгээлине канаттануубузду билдиребиз. Германия Федеративдүү Республикасы менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасоо менен азыркы темпти улантуу маанилүү деп эсептейбиз», — деди Мамлекет башчы.

Ал баса белгилегендей, кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү биз үчүн маанилүү. Маданий-гуманитардык жаатта, билим берүү жана илим тармагында мындан ары да тыгыз кызматташабыз деген үмүттөбүз.

«Бул багыт Кыргызстандын келечеги үчүн жакшы инвестиция болот деп ишенем. Албетте, Кыргызстандын Европа Биримдиги менен кызматташуу маселеси да күн тартибинде турат. 2019-жылы Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча жаңы Стратегиясын кабыл алуусу күтүлөт. Кыргызстан менен Европа Биримдигинин кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча жаңы Келишимге кол коюусу пландалып жатат. Германия тарапка бизге көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирем. Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын тыгыз кызматташтыгы мындан ары бекемделет жана өнүгөт деп ишенем», — деп сөзүн жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

2019-жыл 16-апрель Берлин

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: