Menu

ИИМ: Чүй облусунун аймагынан 1 килограмм 174 грамм салмактагы марихуана табылды

Бөлүшүү:
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишкен жарандардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 37 жаштагы К.С. аттуу жашоочусунун үйүнө кароо жүргүзүү  иш-чараларынын натыйжасында кара куурай жыттанган 1 килограмм 174 грамм салмагындагы майдаланган   баңгизат табылып алынган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми эскпертизанын жыйынтыгы менен табылып алынган баңгизат 174 грамм салмагындагы “марихуана”  баңгизаты болуп чыккан.
Аталган факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренеси (Баңги каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоосатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, берип жиберүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
Азырыкы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: