Menu

УКМК: Мамлекеттик «Кыргыз-Ата» паркына Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагеринин эстелиги орнотулду

Бөлүшүү:

2019-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын илимдер Академиясынын тажрыйбалык чарбасына караштуу«Кыргыз-Ата» Мамлекеттик жаратылыш паркында КР УКМК демилгеси менен биология
илимдеринин кандидаты, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу Александр Васильевич Чубдун элесине арналган эстеликти ачуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага КР УКМК өкүлдөрү, «Кыргыз-Ата» Мамлекеттик паркынын директору М.А. Дүйшеев, Кыргыз илимдер Академиясынын Жалал-Абад илимий борборунун директору, биология илимдеринин доктору профессорК.С. Ашимов, А.В.Чуб менен бирге кызмат өтөгөн Ноокат районунун жашоочусу Ш.Абдуллаев жана Мамлекеттик жаратылыш паркынын кызматкерлери катышышты.

Салтанатка катышуучулар А.Чубдун кызматтык жолун жана Кыргызстандын илимине кошкон салымы тууралуу айтышты. А.Чуб Украинанын Изюм шаарында төрөлүп, Кыргызстандын тажрыйба чарбасында 1956-жылдан 1996-жылга чейин эмгектенген. Ал Тянь-Шан карагайларынын түрлүү сортторун, ийне жалбырактуу дарактардын, кайыңдардын 15 түрүн жана ар түрдүү өсүмдүктөрдү өстүрүп, жайылтуу
менен алектенген. Бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келген карагайларды көбөйтүү технологиясын иштеп чыккан.

А.Чуб өзүнүн каалоосу боюнча айтылган парктын аймагына 1996-жылы коюлган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: