Бүгүн, 13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-майындагы ПЖ №60 Жарлыгы менен жергиликтүү сотторго дайындалган судьялар ант беришти.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-майындагы ПЖ № 61 Жарлыгы менен судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Жалал-Абад облустук сотуна — Чоноев Адилет Адамжанович, Чүй облустук сотуна — Мурзалиева Жыргал Нуржановна, ошондой эле Нарын облустук сотуна — Бакиров Кайридин, Малдыбаев Нурлан Малдыбаевич, Мелсов Женишбек Мелсович, Мукамбетов Улукбек Кубанычбекович жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ