Бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын Кеңешчиси Александр Аванесов менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө БУУ системасынын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле кызматташуу жана өз ара аракеттенүү боюнча андан аркы пландар талкууланды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ