Menu

Кундуз Жолдубаева, КСДПнын өкүлү: “Өзү чыкканын Атамбаевдин багынып берүүсү деп эсептебейм. Бул элди, мамлекетти ойлогон адамдын туура чечими болду”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүнөн кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Калган иш тергөөнүн, соттун колунда. Атамбаевдин жанында ал камакка алынган соңку мүнөттөргө чейин бирге болуп, оор учурду баштан өткөргөн КСДПнын атайын өкүлү Кундуз Жолдубаева Кой-Таштагы окуя, Атамбаевдин тегерегиндеги иштер тууралуу айтып берди.

– Кундуз айым, Алмазбек Шаршеновичтин абалы кандай?

– Абалы жакшы. Билесиздер, ал духу күчтуү адам. 10-август күнү Алмазбек Шаршенович менен анын өкүлү Сергей Слесарев СИЗОдон жолугуп чыкты, абалы туруктуу, духу бийик.

– Сиз акыркы 2 жылда Алмазбек Атамбаевдин жанындагы эң ишенимдүү адамдардын бири болдуңуз. Мурдагы президенттин командасына качан, кантип кошулуп калдыңыз эле?

– 2016-жылы Ош шаардык кеңешине шайлоодо сунуш түшүп, КСДПга пиар жагынан жардам бергем. 2017-жылы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабында иштедим. Программа, стратегияларды жазып, ийгиликке Сооронбай Шарипович менен бирге жеттик эле. Азыр эки жаат болуп калдык! Шайлоодо Жээнбеков үчүн иштегендин баары куугунтукка кабылды. Мына, жарымы абакта отурат. Жарымын кайра-кайра суракка чакырууда. Алмазбек Атамбаев – Кыргызстанда саясий баланс болуп турушу үчүн керектүү адам. Бийликке ачык сын айта алган оппозиция керек, ал – Атамбаев жана анын тегерегиндеги команда деп айтып эле жүрдүк. Сын айтат десе эле бийликтин колу-бутун байлап иштетпей коюу эмес. Каталарын айтып, жол көрсөтүп туруу.

– Атамбаев кармалган соң “Кундуздай жубайым болсо деп эңседим. Өрт кыз экен. Аны менен отко да, сууга да коркпой барса болот экен” деген пикирлер жазылды. Кошуласызбы, бул пикирлерге?

– Бирөөгө сөз берсем, бир ишке киришсем аягына чейин турам. Бул менин табиятым, мүнөзүм. Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши жаңы башталганда “Атамбаевди  коргоп сага эмне жок? Система кандай экенин сен билбейсиң”дегендер болду. Мен Атамбаевди эмес, идеяны колдоп жүрдүм. Максатым – Кыргызстанда социал-демократиялык принциптердин өнүгүшүнө салым кошуу. Өлкөдө бардык иштер тар кызыкчылыкка эмес, идеяга негизделиши керек. Алмаз Шаршенович да “менин миссиям бүтө элек” дечү. Бийликке жаңы жүздөрдү алып келүү багытында иштеп жатканбыз. Азыр КСДПнын мүчөлөрүн бирден суракка чакырып, басым көрсөтүшүүдө. Мени деле коркутуп “күбө эмес, кылмышка шектүү дегенге которуп салабыз” деп жатышат. “Коркутпагыла, негиз болсо которо бергиле” дедим. Учурдан пайдаланып президентке кайрылат элем:

– Урматтуу Сооронбай Шарипович, сиз КСДПдан талапкер болуп чыкканда чын дилибиз менен иштеп бергенбиз. Жеңишти азыр сиздер жаптырып салган “Форумда” майрамдадык эле. Сизге ишенгенбиз. Сизди колдоп жүргөндөр бүгүн куугунтукка кабылды. Аны токтотуу сиздин гана колдон келет. Мамлекеттин башчысы катары укуктук баш аламандыкка бөгөт коюуңузду өтүнөм. Кыргызда жигитчилик деген түшүнүк бар. Өлкө башчысы катары адамдык сапаттарды да ойлоп, мурдагы тарапташтарыңыздын куугунтукка кабылышына жол бербесеңиз.

– Өткөнкү 2 күндүк окуяларды сүйлөшсөк. Кайсы бир күнү Атамбаевди кармап кеткени Кой-Ташка спецназ бастырып кириши мүмкүн деген ойлор, даярдыктар бар беле?

– Ар түрдүү маалыматтар түшүп турган. 7-августта Атамбаев үйдөн чыгып тарапташтары менен учураша баштаганда сыртка унаанын келип токтогон үнү угулду. Балдар “спецняз”деп кыйкырып калышты. Жан сакчылар Алмаз Шаршеновичти үйгө алып кетишти. Артынан чуркап баратсам кичинекей бала качып баратыптыр. Аны кучактап туруп калдым. Тосмодон ашып түшкөн аскерлер келип “эже, отуруңуз” деп калышты. Мени коопсуз жерге алпарып коюшту. Аскерлер Атамбаевди издеп жатышты.

– Атайын даярдыктагы аскерлер короого кирип келгенде биринчи оюңузга эмнелер келди?

– Андайда оюң бир жерде болбой калат экен. Баардыы чагылгандай тез башталып кетти да. Кийин эл келип, короодогу спецназдар качты. Үйдүн ичинде да калып кетишкен экен. Эч кимге баш ийбеген “толпа” түзүлүп калды. “Ок атпагыла”деп кыйкырып жаттым.

– Ошол учурда Атамбаев өзү эмне деп жатты?

– Ал түнү Алмаз Шаршенович үчүнчү кабатта болуптур. Ошол түнү тарапташтар “Атамбаев эле көрүнүп койсун, баары жакшы экенине ынаналы” деп жатышты. Ошондо Алмаз Шаршенович видеокайрылуу жасады. Ал түнү Атамбаев 3-кабаттан түшкөн жок. Албетте, өкүндү. Бир жоокерге ок тийип, каза болгонун айттык. Азыр “Атамбаев 3-кабаттан туруп алып атты”деп жатышпайбы? Мен 3-кабаттан кан көргөн жокмун. Менде бири-бирин атып алыштыбы, же жоокерлерден куралды тартып алган атайын чагымчылдар аттыбы деген күмөн ой бар. Муну атайын комиссия, тергөө, укук коргоо органдары аныкташы керек.

– Ал киши өзү “5-6 жолу ок атканым чын, балким, ок жаңылып тийип калгандыр” деп айтып жатат го?..

– Айтканы мындай да. Ал бирөөнү сатып кете турган адам эмес. “Жан сакчылары атты” деген сөз чыгып кеткени үчүн “курал менде гана бар болчу, мен аттым” деп жатат. Анын сөзүн башка нукка буруп, эми “Атамбаев өлтүрдү” дешүүдө.

– Үйдүн ичине темир тордон эшиктер тагылып, калың тосмолор коюлуп айтор, коргонууга мыкты шарт түзүлгөнү көрүнүп турат. Максатыңыздар кандай эле? Атамбаевди суракка жөнөтпөй, канча убакыт үйдө калкалап, туруштук берип тура алабыз деп ойлодуңуздар эле?

– Атамбаев өзү “азыркы бийликтин мыйзамсыз аракеттерине баш ийбейм” деп айтып жаткан. Мисалы, экс-президент статусунан ажыратуунун өзү мыйзамсыз. Азыр анализдеп көрсөк, алгачкы күнкү спецназ чагымчылдык үчүн атайын жөнөтүлгөнбү деген ойлор келүүдө. Ок атылып, жоокердин каза табышы боюнча жоопкерчилик азыркы бийликте жана укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринде турат.

– Макул, бийликтин аракети мыйзамсыз болсун дейли. Куралдуу каршылык көрсөтүүдөн башка жол жок беле?

– “Кармаганы келсе, атам” деп айтып эле жатты да. Кандай ойдо айтты, аны Алмаз Шаршеновичтен сурабаптырмын. Бирок анын жеке үйүнө бастырып киришсе, анын аракети кандай болмок эле? Балким, коргонуу, коркутуу үчүн асманга аткандыр.

– КСДПнын активдүү өкүлдөрү ИВСте деп угуп жатабыз. Кимдер кармалды?

– Бизге түшүнүксүз иштер болуп жатат. Элдик штабдын мүчөсү Залкар Бакировду туугандары 8-августтан бери таппай жатышат. Аны Көк-Жар жактан Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев менен бирге кармап кеткен экен. Сейит Атамбаевди коё беришти, Бакиров дале дайынсыз. Депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинаны кармап кетишти. Окуянын эртеси “Форумдан Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Эрмек Окенов, Темирлан Султанбеков жана башкаларды кармап кетишти. Фарид Ниязовду, Кыяз Смаиловду, Алга Кылычовду, Амантур Жамгырчиевди 2 айга СИЗО-1 ге камакка алышты. Мирбек Айтикеевди 10-октябрга чейин Камакка алыптыр деген маалымат түштү. Назгүл Мамытова менен жолдошун суракка алышты. Рита Борбукееваны УКМКга суракка чакырганы белгилүү болду. Мени да кайра-кайра суракка чакырып жатышат.

– Биринчи күнү багынып бербей, атүгүл бийлиике талап коюп жаткан Алмазбек Атамбаев экинчи күндөгү операцияда өзү чыкты. Мунун башкы себеби эмне болду?

– 8-август күнү мен да 3-кабатта элем, “Форумда” өтүүчү митинг тууралуу сүйлөшүп жатканбыз. Сыртта дагы штурм башталды, эшиктер бекилип, биз Алмаз Шаршеновичтин жанында калдык. Бир маалда газдын жыты келе баштады.

3-кабатка чыгып алгач министр Кашкар Жунушалиев сүйлөдү, андан кийин анын орун басары Курсан Асанов келди. “Чыгыңыз, жаман окуяляр болуп кетпесин” дешти. Биз кеңештик. Элди ойлоп, дагы өлүмдөр болбосун деген ойдо Алмаз Шаршенович өз ыктыяры менен чыгуу чечимине келди. Бул чечим оңойго турган жок. Муну мен Атамбаевдин багынып берүүсү деп эсептебейм. Бул элди, мамлекетти ойлогон адамдын туура чечими. Чындык баары бир жеңет, биз сынбайбыз. Бизди коркутуп, оозубузду жаап жок кылабыз дешсе жаңылышат. Бийлик башка жолго өтүшү шарт. Өлкөдө оппозиция болушу керек. Эгер коом укук бузууларга көз жумуп отура берсек, анда эртең Атамбаев айткан Кокон хандыгында жашап калабыз.

– Коомчулукта сиздерге карата “ынтымакты бузууда, элди бөлүп жарууда” деген да сындар айтылып жатты. Мисалы, “Форумга”, андан ары Ак үйгө барабыз” деген билдирүү канчалык туура болду деп ойлойсуз?

– Ал ошол жердеги элдин талабы болду. Спецназ кайткандан кийин “кеттик” деген ураандар чыкты. Түндө элди биз токтотуп калдык. Балким, арасында чагымчылар жүргөндүр.

– Саясий амбициялардын артынан кыргызда көп жолу карапайым адамдар жабыр тартышты. Атамбаев ушул жагынан тынчсыздандыбы?

– Бул жерде Алмаз Шаршеновичтин саясий амбициясы болгон жок. Тескерисинче, ал бийликтин курмандыгы болду. Бийлик радикалдуу кадамдарга барбаса, биз өз ишибизди жасай бермекпиз. Партияны бекемдеп, шайлоого катышабыз деген эле оюбуз бар эле.

– Сурактар уланары түшүнүктүү, мындан аркы абалды кандай элестетип жатасыз?

.. – Менимче, Өмүрбек Бабанавдун өлкөгө кайтып келиши жөн эмес. Ал бийлик менен сүйлөшуп алып келди, болбосо аны аэропорттон эле кармап, УКМКга алпарып камап алышмак. Саясатта чоң өзгөрүү болуп, Абылгазиевдин ордуна Бабановду өкмөт башчылыкка дайындайт го деген ой бар. Бирок ушуну менен эле маселе чечилеби? Эгер бийликте чын эле Кыргызстанды өнүктүрөм деген ой болсо, анда Атамбаевге байланыштуу радикалдуу кадамдарга барбай, башка жолду тандашы керек.

– Болуп өткөн жагымсыз окуялар үчүн өкүнөсүзбү?

– Атамбаевдин абакта отурганы өкүндүрөт. Бирок бул баары бүттү дегендик эмес. Тынчтык болсо, чындык бир күнү чыгат. Эл Кыргыз жеринде Кокон хандыгынын орношуна жол бербейт деп ишенем.

Маектешкен: Автандил Добулбеков

Булак: «Супер инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: