Menu

Жогорку сотто кезектеги ExpertCafe иш чарасы өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн 2019-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда “Аялдардын укугу жана ажырашуу, алименттерди өндүрүү” темасынын алкагында кезектеги ExpertCafe болуп  өттү.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Нургуль Сатыбалдиева, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун  судьясы Аниса Рыспекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин Сот актыларынын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Максат Мойноков, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучусу Эркин Исаев катышышты.

Жогорку соттун судьясы Нургуль Сатыбалдиева өз сөзүндө, болжолдуу статистика боюнча жылына 40 000ге жакын жарандык иш каралса, анын 10 000ге жакыны үй- бүлөгө байланыштуу иш болуп жаткандыгын белгиледи. Мезгилдин талабына жараша үй-бүлөгө байланышкан мыйзамдарга толуктоолор, өзгөрүүлөр кирип, ошону менен бирге жарандардын укуктары жана милдеттери такталып, өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткандыгын айтып өттү.

Ал эми Ленин райондук сотунун  судьясы Аниса Рыспекова укугу бузулган ар бир жаран сотко доо арыз менен кайрылууга укуктуу экендигин, бирок алимент өндүрүү иштери боюнча көпчүлүк учурда сотко аялдар доо арыз менен кайрылып, ал эми эркектер доо арыз бергени менен иш ар кандай себептерден улам (сот отурумуна келбей коюшат, же арызын кайра чакыртып алышат) аягына чыкпай жаткандыгын белгиледи. 2018-жылы Ленин райондук сотуна 675 жаран никени ажыратуу доо арызы менен кайрылышкан. Ал эми, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында никени ажыратуу тууралу доо арыздар менен 369 жаран кайрылып, анын ичинен 174 аялдар болгон. Акыркы учурларда жаш жубайлар үйлөнүп, бир ай жашай электе эле никени ажыратуу тууралуу доо арыз берип жатышкандар кездешүүдө. Мындай учурларда соттор аларга убакыт берип, ишти ар тараптан карап, ар бир жагдайга көңүл буруу менен чечим чыгарууга аракет жасап жатышкандыгын белгиледи.

Ошондой эле, Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин Сот актыларынын аткарылышын камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Максат Мойноков алиментти өндүрүп алуу жөнүндөгү аткаруу документтери республика боюнча келип түшкөн аткаруу документтеринин жалпы санынын 40-50% түзөөрүн, жыл өткөн сайын алиментти өндүрүп алуу боюнча аткаруу документтеринин көбөйүп жаткандыгын кошумчалады.

2019-жылдын 2-кварталына карата издөөдө 2 565 карызкор бар жана азыркы учурда Сот департаментинин сайтында “Карызкорлорду издөө” бөлүмү иштеп жатат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: