Menu

Фото – Өзбекстандын Кыргызстандагы Элчисинин дипломатиялык миссиясы аяктады

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Комил Рашидовду, анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты. Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын областтардын башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы достук, жакын кошуналык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк негизинде тарыхый түзүлүп калган мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш жүргүзүүгө бекем ниетин билдиришти.

Министр Ч.Айдарбеков Элчи К.Рашидовго анын жемиштүү иши жана кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады. Өз кезегинде, Элчи К.Рашидов, анын Кыргызстандагы дипломатиялык кызматынын мезгилинде биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: