Menu

Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын тең-төрагасы: “Президент коррупцияга каршы күрөштө жалгыз…”

Бөлүшүү:

Коомдук-саясий ишмер Камчыбек Ташиев өткөн жумада “Азаттык” үналгысына маек берген. Биз бул маекти окурмандар үчүн кагазга түшүрүп, тартуулап олтурабыз.

– 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин баштагыдай көп көрүнбөй калдыңыз. Учурда эмне иш менен алек болуп жатасыз?

– Мен азыр жеке турмуштук иштер менен жүрөм. Саясатка аралашкан жокмун. Элдин суроолоруна жооп берип, элдин маселелерин чечүү менен алекмин. Эл арасында көп жүрөм. Мисалы жакында айылыбызга куран окутканы барып калсам мүрзөгө барчу жолдон машинелер тыгылып бурула албай жатканын көрүп, күчүмдү топтоп бардым да дээрлик 1,5 чакырым жолду асфальттап, мүрзөнүн жанына автоунаа токтотуучу жай жасап бердим. Бул да болсо элдин маселесин чечүү деп билем.

– “Ата Журт” партиясы барбы, абалы кандай?

– “Ата Журттун” бар экенин эл-журт жакшы билет. Буйруса 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо 2010-жылдагы шайлоодогу чоң ийгиликти кайталайбыз деп турабыз.

– Жакында шайлоого “Республика” менен кайрадан чогуу бара турганыңыздарды жарыялагандай болдуңуз. Ага чейин бөлүндүк деп айттыңыздар эле. Кайрадан биригүү үчүн эмне өзгөрдү? 9 пайыз чекти басып өтүүнүн аргасыбы, же “парламентке эптеп өтүп алсак, андан аркысын көрөбүз” деген аракетпи?

– Биз эптеп илешип саясат кылган же бирөөнүн колтугуна кирип жагалданган жагалданма саясатчы эмеспиз. Өз жолубуз, көз карашыбыз, электоратыбыз бар. Депутат болбосок деле жүрө алабыз. Мына менин мамлекеттик кызматта иштебегиме 7 жыл болду, бирок элдин баары мага азыр да “сиз депутатсыз го” деп кайрылышат. Депутат эмесмин десем, “баары бир мамлекеттик кызматта иштейсиз да” дешет. Муну айтканымдын себеби – биздин эл алдында жүзүбүз бар. Бүгүнкү күндө парламентте фракциябыз иштеп жатат, аны эки партия кошулуп парламентке алып келгенбиз. “Ата-Журт” да, “Республика” да, “Республика-Ата-Журт” партиясы да бар. Бул маселе аягында кандай чечилээри азырынча белгисиз, саясий чечимдерди кабыл алышыбыз керек болуп жатат. Биз урушуп-талашып, бир нерсени бөлүшө албай калып бөлүнгөн эмеспиз. Ар кандай сөздөр айтыла берет, жыйынтыгы жакында билинет.

– Бабанов экөөңүздөрдүн позицияңыздар тууралуу. Парламенттик шайлоодо сиз депутатыкка келе албай калдыңыз, ал эми Бабанов өзү “Республика-Ата-Журттун” жалгыз лидери катары пикир калтырган. 2017-жылы Бабанов президенттикке талапкер болуп чыкканда сиз аны колдободуңуз, бул да болсо эки ажырым жолго түшкөнүңүздөрдүн белгиси болгонсуду. Бул жагынан алганда ажырашып, кайра жарашып – кырдаалга жараша позиция өзгөрө береби?

– Эгерде мен 2015-жылы депутат болуп шайланганымда президенттик шайлоонун жыйынтыгы башкача болмок… Эмнеге Бабановду колдободум? Тарыхка кайтып, кайра баарын чукулап айтыштын пайдасы жок. 2017-жылы биз “Ата-Журт” партиясы Сооронбай Шариповичти колдодук. Балким Бабановго караганда жакшы президент болооруна ишендим.

– Сооронбай Жээнбековду колдогон таасирдүү саясатчылардын бири болгонсуз, аны ачык жарыяладыңыз. Президенттин иштеп жатканына 2 жыл болду, ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Ачык айтыш керек, Сооронбай Шарипович эки жылдык мөөнөтүндө президент катары чоң саясий, экономикалык каталарды кетирген жок. Ошону менен катар радикалдуу реформаларды жүргүзүп, чоң жыйынтыкка да жетишпеди. Анын себеби Сооронбай Шарипович уникалдуу саясий кырдаалга туш келди. Буга чейинки президенттер бийликке келиш үчүн сөзсүз түрдө бирөөнү жеңип, бирөөнү кубалап, анан тактыны алышкан. А бул президент мыйзам чегинде атаандаштык менен таза шайланып келип, жумушун баштады. Көп иштер ал президенттикти алгандан кийин башталды. Уникалдуу саясий каршылаштарга туш келди, мындай Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Дос душманга, душман доско айланды, ким дос, ким душман экенин айырмалай албаган кырдаал жаралды. Ар бир кадамында дос деген душманды, душман деген досту басып албайын деп абайлап мина талаасында жүргөндөй болду. Ушунун баары 2 жылдык ишиндеги жыйынтыктын азыраак болушун шарттады.

– Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо Атамбаевдин саясатын, көчүн улантууга убада берген. А сиз Атамбаевге оппозиция элеңиз. Атамбаевдин позициясын колдоп өнөктөшүңүз Бабановго каршы чыгууну кандай түшүндүрөсүз?

– 2010-жылдан 2017-жылга чейин Атамбаевге каршы болдум. Убагында колтугунда жүрүп, “сиз үчүн жанымды берем” деген саясатчылар азыр ал кишини жамандап отурушат. Мен Атамбаев тууралуу жаман кеп айтпадым, аны жактырганымдан эмес, жыгылган адамды тепкилебеш керек деген принциптен. А Сооронбай Жээнбеков кайсы бир командадагы адам катары эмес, анын чөйрөсүн жакшы билгендиктен жеке адамдык сапаттарына карап колдоону туура деп тапкам. Азыр жаңылбаганыма ишенип отурам.

– “Республика” менен кайрадан биригүү ниетиңиздер позициялардын туура эместигин билгенден улам болдубу? Же бири бириңиздерге ишенимдүү экениңиздерге көзүңүздөр жеттиби?

– Бабанов саясатка кайтпайм деген, ал сөзүндө азыр да бек турат. Бул жерде кеп Бабанов жөнүндө эмес, “Республика-Ата-Журт” партиясынын шайлоочулары тууралуу болуп жатат. Көп адам кайрылып, “баштагыдай эле “Республиканы” кошо алып кете бербейсиздерби?”- деген сунуштарын айтышты. Сиз фракциянын депутаттары Бабанов тарапта дегендей кылдыңыз. Мен айтып коеюн, РАЖдан шайланып келген депутаттардын көбү сатылма позицияда, алар мени да, Бабановду да колдобой калышкан.

– “Ата Мекен” менен биригүүгө аракет кылган жоксузбу?

– Өмүрбек Текебаевди саясатчы катары сыйлайм, бирок анын партиясына кошулуу тууралуу ой жок. Парламенттик шайлоодон жеңилип калабыз дебейбиз, шайлоодо алдыда болобуз деген ойдобуз. Позитивдүү ачык саясатчылар менен жеке өзүм сүйлөшүп жүрөм, бирок кимдер менен биригебиз, азырынча айтуу эрте.

– Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдогонуңузду саясий соодалашуу катары кабыл алгандар болду. Шайлоодо кызмат убада кылган Жээнбеков кийин аны аткарбай койду дешти. Мисалы сиздин вице-премьер-министр, Коопсуздук кеңештин катчысы сыяктуу кызматтарды сураганыңыз айтылды. Мунун чындыгы канчалык?

– Коомдо ар түрдүү катмар болгондуктан, ар түрдүү сөз болот. Жеке маселе чечүүдө мамлекеттин кызыкчылыгын терең караш керек. Сооронбай Шариповичтин ишинин жыйынтыктуу, ийгиликтүү болушуна басым жасаганбыз жана да жасап келатабыз.

– Президент менен жолугуп турасызбы?

– Бир жыл болуп калды, жолуга элекмин. Бийликке кызыкчылыгым жок, жолугууга умтулуп, арага адамдарды салып… андай нерсе менде жок. Чакырса барып жолугам, чакырбаса суранбайм.

– Кызмат сунуш кылды беле?

– Жок.

– Президенттин иши кадр саясатына байланыштуу болот, учурда профессионалдуу эмес кадрлар көп деп президенттин кадр саясатсын сынга алып жатышат. А сизде кандай көз караш?

– Мен бир гана нерсени айтам, мамлекеттик кызматтарда иштедим, министр болдум, аскер кызматкеримин, карылыкка да жете элекмин, 50 жаштамын. Кээде элге-журтка, мамлекетке иштеп берсем деген ой келет. Коомубузда мени эч ким эч кандай коррупциялык иштерге байланыштыра албайт.  Ачык, таза кадр катары иштесем болмок, бирок, сунуш түшө элек.

– Сот реформасы, жалпы эле реформа деген Кыргызстан үчүн кандай көйгөй экенин билесиз. Реформалар сиз ойлогондой ишке ашып жатабы?

– Кайсы бир деңгээлде ички схемалар менен реформа жүрүп жаткандыр, бирок коомчулукка сот реформасынын эффективдүүлүгү билине элек. Баягы эле кыйналган адамдар, баягы эле туруксуз чыккан чечимдер. Көпчүлүктөн “азыр сотко акча бермейин чечим чыкпайт” – дегендерди да угуп калам. Балким реформа жасоого аракет болуп жаткандыр, бирок коомдук деңгээлге чыга элек.

– Буга ким жоопкерчиликтүү. Атамбаев убагында сот реформасынын биринчи этабы ишке ашты деп жар салды эле…

– Сотторду дайындоого кайсы мамкызматтар жоопкер? Президент, Жогорку Кеңеш жана Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган Сотторду тандоо Кеңеши. Балким президент тарабынан чоң аракеттер көрүлүп жаткандыр, ал киши коррупция менен ачык күрөшүүнү жарыя кылды. Бирок президенттен башка мамлекеттик кызматтардын жетекчилеринин бул багытта иш планы көрүнө элек. Мисалы Мамлекеттик Бажы кызматында иштеген бир эжеке бир жыл мурда коррупция менен колго түшүп, кылмыш иши ачылып, камалган экен. А бирок жакында эле Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуптур. Кечээ коррупция менен кармалды да, бүгүн кызматынан бийиктеди. Ушунун баары бизде президенттен башка эч ким коррупция менен күрөшпөгөнүнүн кабары.

– Садыр Жапаров бийлик алмашса да абактан чыга албай келатат. Президентке ырайым сурап кайрылганы да белгилүү болду. Жапаровдун иши эмнеге каралбай жатат?

– Садыр Жапаров боюнча сөз козгоо менин саясаттагы эң чоң жүрөк оорум. Бул жөнүндө мен көп айта албайм, бирок анын абакта акыйкатсыз отурганын белгилейм. Аны чыгарууну президенттен дагы бир жолу суранам. Аны чыгарбай жаткан адамдар тарабында кайсы бир деңгээлде саясий кызыкчылык бар. Болбосо айыптуу деп табылып, соттун чечими Асановдо да, Кадыровдо да, Текебаевде да болгон. Түлеев, Самаков да кесилген болчу. Бирок баары чыкты. Азыр абакта саясий негизде отургандар калбады. Ал турмак Муралиевдин мамлекеттик чыккынчы деп табылган уулу да 20 жылга кесилген жеринен бошотулду. Эмнеге Садыр Жапаровго аминистия колдонулбайт? Үй-бүлөсүнүн башына канча кайгы түштү, анын баарын билип туруп эмнеге ырайым берилбеди – бул коомчулукта жаткан суроо.

– Кыргыз-тажик чек ара маселесинде он жыл мурда 5 чакырым жер тажик тарапка ижарага берилип кеткени боюнча протокол жарыяланып, ал азыр сотко чейинки иликтөөдө экенин УКМК кабарлады. Ошол протокол кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө канчалык тоскоолдук жаратып жатат?

– Бул жерде өтө көп мамлекеттик сырлар жатат, биз аны ачыктай албайбыз. Бирок ушундай мезгилде бул протоколго кол коюлган, коюлбаган маалда да өз чек арабызды, өз кызыкчылыгыбызды так сакташыбыз керек. Чек арадагы келишпестиктен адамдардын өмүрү кыйылып жатат, буга ким жооп берет? Бул маселеде жоопкер адамдар, мамлекеттик кызматтар катуу иш жүргүзүүгө тийиш. Чек ара маселесинде мамлекет башчысы жеке жооп берет, буга үйрөнүшүбүз керек. Анткени чек ара – мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги, коопсуздугу. Президенттердин мөөнөтү бүтөт, ордуна башка келет. Эгемендүүлүк алганыбызга 30 жыл болду, мындан ары да миңдеген жылдар сакталып калышы үчүн бийлик ээлери аракет кылуусу керек.

Кагазга түшүргөн Арина Рысбаева

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

50 − = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: