Menu

Токтокан Кушубек кызы: Бейиштеги жакырлык… (жол очерки)

Бөлүшүү:

Сапарга аттануу- ары кызыктуу, ары азаптуу,  жаңылыктарга бай жана турмуштук чоң тажрыйба топтоого мыкты себеп. Мекенден алыс болуу туулган жериңди таанып-билүүгө, сүйүүгө чоң бир сабак болот экен.  Биз сөз кылчу Түркияга болгон жолчулук, баё сезим кичинекей кызды ар бир нерсени башка өңүттөн кароого үйрөткөн сапар болду. Жол тарыхым кичинекей, кыска болсо да мекенимдин элес албаган көйгөйлөрүн көрүүмө, ички дүйнөмдө атуулдук сезимдин ойгонуусуна түрткү болду.

   Байланыш үзүлдү…

  Күн санап, чыдамсыздык менен күткөн күн да келип Түркияга кете турган болдум. Ичимден корком, сыртыма чыгарбайм. Эгер бир аз эркелеп ичимдеги уйгу-туйгуларды айтсам эле, “сен минтсең барганда ыйлайсың” деп араң көндүргөн атам жибербей коебу деп корктум. Бизге самолетко билет Алматы аркылуу алыныптыр. Үйдөгүлөр менен коштошуп, 28-июнда, саат 4кө “ИнфоГрупп” компаниясына баратам. “Эч нерсеңди унуткан жоксуңбу, документтериңе сак бол!” деп айылдан атам улам-улам телефон чалып, жаны калбайт. Компаниянын алдына барсам 4 чоң бус токтоп туруптур. Офиске бир колуна  чемодан сүйрөп, бир колуна кагаз-документ кармап кирип чыккан кишилер. Булар да мен сыяктуу Түркияга иш издеп сапарга аттангандар.  Офистеги кызматкерлердин жол, самолет боюнча түшүндүрмөсүн алып бус машинеге отуруп жолго чыктык. Жумуш издеген жаштар сапарын Алматыдан баштады. Казакстандын чек арасынан өткөнчө, кыргыз тарифиндеги телефон байланышы үзүлгөнчө атам, апам менен сүйлөшүп бардым. Байланыш үзүлдү… Алдыда мени эмнелер күтөөрүн божомолдоп, толкунданып баратам.

Чек арадан өткөндөн кийин казактын ээн талаа жолдорунда көп жүрдүк. Айнектен карап кетчү кызыктуу эч нерсе калбады, күүгүм тартып калган. Анан алыстан жарык көрүнө баштады,шаарга кирип баратабыз. Алматы шаарынын босогосунан баш бакканда эле, зээригүүм тарап кетти. Шаардын Бишкекке окшоштуктарын издеп бараттым. Бирок, Алматыдан окшоштук эмес, артыкчылыктарды көрдүм. Мен ойлогондон башкача экен: түнү жарык, жолу түз, анын үстүнө Европадагыдай кабат салынган транспорт жолдорун куруу иштери башталыптыр. Өнүгүп келе жаткан шаарлардан экени көрүнүп турду.  Ошентип, казактын ырчысы Кайрат Нуртастын “Алматынын тундери” ырын угуп, уккан ырга көзүм күбө болуп, Алматынын түнүндө аэропортко жеттик. Биз менен катарлаш келген башка бус машинелердеги кыргыз кыз-уландары жүктөрүн түшүрүп жатат. Байкасам жүзгө жакын экенбиз. Аэропорттун ичинде отурдук, сүйлөштүк, тааныштык. Учуу сааты келгендер улам кетип жатты. Башкаларыбыз рейстен калып калбайлы деп бири-бирибизди кезеке коюп отуруп уктадык.  Арабыздагы балдардын бири сумкасынан эки желим идиштеги жарма жана бир желим баштыкка салынган токоч алып чыгып жаныбыздагы столдун үстүнө койду. Баарыбыз бөлүшүп жедик. Ошондо көпчүлүгүбүз 3ай болсо да жарманы сагынып, чаңкап, суусаарыбызды сезгендей болдук… Сыртка жарык түштү, биздин да рейске каттоо саатыбыз келди.

Самолетто бир казак эженин оң жагынан орун алдым. Менин тынчсызданып жатканымды байкаган го “Биринчи жолу учуп жатасыңбы?” деди. Мен “Ооба, сизчи?” деп дароо суроо узаттым. Ал “Жоок, мен 6 жылдан бери  эле каттам жүрөм” деди эле мен жеңил ой менен “Түркияда иштейсизби” дей салсам, “Жоок, иштебейм. Түркия Америка эмес да, жумуш орду жакшы эместей сезилет. Бул жакта иштеп келген тааныштарым дагы жок, бирок туризми канааттандырарлык. Жыл сайын келип эс алып кетип турабыз” деп арткы орундуктардагы келини, кызы неберелерин көрсөттү. Мен ошондо дароо Түркиядан жумуш издебей, мейманкана издеген казак элинин экономикалык абалы бизден жогору экенин моюнума алгандай болдум. Эч жерди көрбөй, өз казаныбызда кайнап жүрө берсек өлкөбүздүн артта калганы билинбейт экен. Сапарым “быссымылда” деп башталганда эле жакырлыгыбыз оркойуп көрүндү…

Талаалардын үстүнөн өтүп, деңиз-аралдарга бийиктен көз чаптырып, булуттарды аралап отуруп учуу сааты аяктап, самолет төмөндөп түшүп баратты. Сыртта Анталия шаары…

Тосуп алчу кишибиз жок…

Жүктөрүбүздү алып, каттоодон өтүп сыртка чыктык. Күн куйкалап ийчүдөй ысык. Саат түшкү эки. Аэропорттун алдында колуна гүл кармап, кагазына жазылган адамдарды издеген мейманкана кызматкерлери көп экен. Ал издөө кагаздардан биз барчу отелдин атын издейбиз, тапкан жокпуз. Анан баягы самолеттогу казак эже колуна кичинекей кыз жетелеп, өзү айткан кызы, келини, неберелери менен формачан отель кызматкерлеринин коштосунда кетип баратты. Ал да мени байкай калып, бул жолкусунда орусча эмес казакча “Ал жаксы” деп күлүп, кол булгалап койду. Анын го тосуп алчу адамы бар экен, а биз кимге барып эмне дээрибизди билбейбиз. Мынчалык куйкалаган ысыкта болбогон жаным суусап кыйналып кеттим. Баягы жүзгө жакын чууруган кыргыздар көлөкө издеп жүрөбүз. ЯКээ бирлери бири-биринен  сөздөрдүн түркчө котормосун сурай баштады. Көбү түркчө жакшы билбейт экен. Жанымдагы Айдана экөөбүз жардам сурайлы деп жөнөдүк. Ал “Билесиң мен түркчө жакшы билбейм, сериалдардагы бир аз эле сөздөрдү билем, ал сөздөрдү жөнөкөй жашоодо колдонушпаса керек, мен жаныңда шерик болуп турайын” деп тамаша-чын аралаш айтып күлдүрдү. Аэропорттун кире беришинде жан сакчынын формасын кийген орто жаштагы байкеге баратабыз. Мен ичимден түркчөмдү даярдап улам кайталайм. Барып чачыранды түркчөм менен чоо жайды айтсам, дароо түшүндү. Анткени минтип келип каяка барарын билбеген кыргыздардын алгачкысы эмеспиз да. Ал бизге “Абалыңарды жакшы түшүнүп жатам, кыргыз кардешлер” деп биздин отелдин атын сурады, биз айтсак, дароо эле номерин таап телефон чалды. Жан сакчы байке телефондон сүйлөшүп, анан бизге карап “ силерди тосуп алчулар адатынча чай ичип, нарда ойноп отурушкан чыгар. Чайчылардын жерине баралы” деди.  “Бизди унутуп коюшкан эмес экен да” деген үмүт менен артынан жөнөдүк. Бир чайкана сыяктуу жерге бардык, жан сакчы ал жактагы эки кишини тамашалап урушуп калды. Ал экөөнүн бизди тосуп алчу кишилер экенин  дароо түшүндүк. Тиги эки чайчынын бири бизге келип “калганыңар кана?” деп сурады, чогуу сууга чаңкап, көлөкөдө күндөн сактанып отурган  балдарга келдик. Баарыбыздын атыбыз жазылган тизме бар экен. Тизмелеп, жүктөрдү жүктөп автобуска түшүп узак сапарга аттандык. Кезектеги сапар Анталиядан Бодрумга. Жашыл өрөөн Бодрумга. Автобус менен 8 саатта жетчү жол экен. Вип-автобус от алып, жолго чыктык. Биздин чаңкаганыбыз басылгвн жок, чөнтөктө да лира жок…

  “Para, money дайте!”

Жолдо баратабыз… Терезеден көрүнгөндүн баары бизге жаңы дүйнө болуп жатты. Өзгөчө тоо боорундагы этектен чокуну көздөй тизилген түрктөрдүн кызыл чатыр үйлөрү көздүн жоосун алып таң калтырды. Айланадагы жашыл жаратылыш кооздугуна суктанып, алаксып, жанагы ысып, чаңкаганбызды бир саамга унута түштүк.

3-4 сааттан кийин кызыл чатыр үйлөрдүн, кооз мейманканалардын кызыгы да тарады. Дагы деле суусап атабыз. Арттагы орус тилдүү Кайрат “ Оказывается, тут есть вода, почему они нам не сказали” деп чоң чаканын ичине муз салынып чоң желим идиште куюлган муздак суу бар экенин айтты. Мен ичкен жокмун. Уйку таттуу болуп, уктап бараткам. Ойгонсом автобус токтоп ичинен түшүп жатышкан экен. Шофер “жарым саатыңар бар. Курсагыңарды тойгузуп алсаңар болот” деп дүкөндөр көп жерге токтоду. Курсагыбыз ачканы чын, бирок чөнтөгүбүз дагы бош экендиги чындык эле. Бир бала сатуучулар менен соодалашып аткан. Азыраак доллар акчасы бар болчу экен. Печеньеге окшогон таттуу бир нерсе көтөрүп келди. Бөлүшүп жедик. Суунун калбай калганын айтып калышты. Автобус ордунан жылаарда багаждан бирдемсе алып аткан эки айдоочунун бири тезинен эле автобустун ичине кирип келип “суу, вода где?” деп эле орусча-түркчө аралаш сүйлөп калды. Түгөнгөн суусун сурап атыптыр. Мен аябай суусаганыбызды, шаардын ысыктыгы кыйнап жибергенин айтып түшүндүрсөм, кайра дароо эле “para, money дайте” деп суунун акчасын сурады. Жооп бере албай калдым. Артта отурган Али «эми бул сууңарды унутпайт чыгарсыңар, кийин эстеп айлык акыбыздан кармап калгыла» деп түркчө жинденип сүйлөп койду. Тиги түрк наалып сүйлөнүп рулга барып отурду. Автобус от алып сапар уланды. Ошол учурда айылдагы  коктуда аккан суу көзүмдөн учту. Эгер айдоочунун ордунда кыргыз болгондо, акчасын доолаганы мындай турсун, суусун күлүп-жайнап сунмак деген ой кетти.

  Түркиянын бир эле шаарында 250дөй кыргыз…

Бүтпөгөн жолдун да соңу келип, мейманканага жеттик. Мен иштечү отелде 8 кыргыз иштейт экенбиз. Кыздардан мен жалгыз. Мейманкананын мүдүр жардамчысы бизди ишибиз менен тааныштырып, эртең “центрге” жумушка уруксат алуу үчүн барарыбызды эскертти. Ашканада иштеген 2 түрк эже менен бир бөлмөдө жайгаштым. Шарты жакшы экен, бирок ички дүйнөмдө шарт жакшы эмес эле. Биринчи жолу бөтөн жерде бөтөн улуттагылар менен бир бөлмөдө. Сүйлөгөн түркчөсү да башкача экен. Кызыгып ар нерсени сурашат. Какап жатып араң жооп берем. “Кыргыздар кантип сүйлөшөт өз тилиңде бир нерселерди сүйлөсөң,” дешет, сүйлөсөм “биздин эски түрктөр, бабаларыбыз ушинтип сүйлөшкөн экен да” дешкенде кыргыздар жөнүндө жакшы сөз укканыма кудуңдап кеттим.

Ошентип, таң атып шаардын борборуна баягы 8 кыргыз, кечээки түрк болуп жөнөдүк. Бир башкармалыкка кирдик. Ошондогу таң бергеним көргөн кыргыз боордошторумдун көптүгү эле. Кечээки эле чогуу келгендер да жүрөт, өмүрүмдө көрбөгөн, бирок жүзүнөн кыргыз көрүнгөндөр да жүрөт… Көрсө, ар бир жуманын шаршемби күнү – чет элдиктердин ишке уруксат алуу күнү экен. 250дөй кыргыз Түркиянын бир эле шаарында. Баары иш издеп… Дагы башка шаарларында канча? Россиядагы кыргыз мигранттардын саны мындан да көп эмес беле? Сыртта канча кыргыз жүрөт? Өлкөбүздө жумушсуздук маселеси ушунча олуттуу беле? Өлкөмдүн абалы, экономикасы жакшы эмес экени дагы бир ирет жон терим менен сездим.

Пляж, бассейиндин жээги, ачык кафе-бар. Бул куйкалаган күндүн ысык нурунун коштоосунда 3 айлык оор иш күндөрүм өтөрүн күндөн уялып жумулган көздөрүм менен көрүп, сезип турдум.

    Үйгө кайтуу

Саратан ысык жай бүтүп, күз келди. Өлкөмө бир жумадан соң кайтам. Түрк кесиптештерим кетип жатканыбызды улам эстеп, кейиген болушат. Албетте, 3 ай ичинде бири-бирибизге бир топ эле көнө түшпөдүкпү… Улуусу жардам берип, кичүүсү сыйлап турса кантип жакын сырдаш дос болбойбуз?..

Эндар бей мейманкана коопсуздук мүдүрү болчу. Дайыма кабинетине чай алып барганда Яжериңерди кооз деп көп угам. Мусулман түрк бир туугандардын баары менен жолугуп, жерин кыдырсам деп жүрөм. Ислам динин кабыл алган, терроризм жок, тынч мамлекет деп ойлойм. Эч кимге нааразычылыгы жок ынтымактуу эл сыяктанасыңар” дегенде өлкөбүздөгү төңкөрүш, митингдерди эстедим. Толугу менен Эндар бей айткандай болбосо да, сыр алдырган жокмун.

Кетип жатабыз. Чемодандарды сыртка алып чыктык. Измир аэропортуна алып барчу сервис-бусту күтүүдөбүз.  Коштошчу убак келди. Эсра, Түнжер бей, Ахмет шеф, Гүлжан абла, Мерт, Фуркан, Селчук баары ак жол тилеп, кийинки жылы дагы бизди күтөөрүн айтып коштошушту. Автобус келди. Ичинде баягы чогуу келген кыргыздардын кээ бирлери бар экен. Учурашып орун алдым. Автобус ордунан жылып, кайрадан узун сапар башталды.

Мекендин кадырын билгизген, өлкөбүздүн жарды абалын чындап моюнга алдырткан 3 айлык сапарым аяктап, “ынтымактуу элиме”, тынч мекениме жол тарттым. Бул сапар баё сезим кичинекей кызды ойготту, өлкөсүнүн ахыбалын көзгө сайып көрсөттү. Сапарым кыска болду.  Түркиянын ысыктыгы жылыта албаган сезимимди, кооздугу өзгөртө албаган сагынуумду таркатуу үчүн өнүкпөгөн бейиш өлкөмө кайтып баратам.

Токтокан Кушубек кызы, Кыргыз-түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: