Menu

Бишкек мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгында бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык мэриясынын дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 26-февралда билдирди.

Такталгандай, дене-тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы «Д.Д.Б.» жооптуу адамдар менен биргеликте, спортчуларды машыгууга чыгуусун күбөлөңдүргөн фиктивдүү документтерди жасоо жолу менен бюджеттик каражаттарды өздөрүнө системалуу түрдө ыйгарып алып турган, бирок, ал машыгуулар уюштурулган эмес. Иш жүзүндө машыктыруучулар жана спортчулар аталганкагаз жүзүндөгү машыгууларга бюджеттик каражаттан 3 млн сом сарптаганы аныкталды.

Аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-б. (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: