Menu

ТИМ: Балдарды коргоонун Эл аралык күнүн майрамдоонун алкагында КРнын балдар социалдык мекемелерине финансылык жардам көрсөтүлдү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2020-жылдын 1-июнунда балдарды коргоонун Эл аралык күнүн майрамдоонун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Дуайен, Азербайжандын Элчиси Г.Х.Оруджев жана Норвегия Королдугунун Ардактуу консулу А.А.Чыныбаева менен биргеликте жетим балдар, ата-энелеринин камкордугусуз калган жана дүлөй балдар үчүн К.Тилебалиев атындагы Панфилов мектеп-интернатынын, дүлөй балдар үчүн Кара-Суу атайын мектеп-интернатынын жана Адистештирилген балдар үйүнүн жетекчилерине акчалай каражат тапшырышты.

Балдарга жардам көрсөтүү үчүн КРда аккредиттелген Дипломатиялык корпус, КРдагы Ардактуу консулдардын клубу жана КР ТИМ Профкому тарабынан 440 миң  сом өлчөмүндө акчалай каражаттар чогултулган. 

Чогултулган каражаттын бир бөлүгүнө билим берүүчү адабият, спорттук инвентарь сатылып алынды, ошондой эле Кара-Суу мектеп-интернатынын жана Панфилов мектеп-интернатынын оңдоп-куруу иштерине 250 миң сом бөлүндү. 

Министр өзүнүн куттуктоо сөзүндө балдардын саламаттыгы жана өсүп келаткан муунду тарбиялоо үчүн аларды ар тараптан колдоого алуу – өлкөнүн мамлекеттик органдарынын бирден бир негизги милдети болуп саналарын белгиледи.

КР ТИМ, КРда аккредиттелген Дипломатиялык корпус жана КРдагы Ардактуу консулдардын клубу менен биргеликте КРнын балдар социалдык мекемелерине жыл сайын регулярдуу түрдө финансылык жардам көрсөтүп келет.

   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: