Menu

Сейтек Атамбаев: “Эркектин өзүнүн мүнөзү болбосо ал эркек эмес да – бычымал сыяктуу болуп калат”

Бөлүшүү:

“Ар бир кишинин өзүнүн мүнөзү болот да, айрыкча эркектики. Эркектин өзүнүн мүнөзү болбосо ал эркек эмес да. Анда башкача болуп калат да – мындай бычымал сыяктуу, кыргыздын сөзү менен айтканда”, – деп билдирди 2-июнда Алмаз Атамбаевдин ортончу уулу Сейтек Атамбаев журналист Майраш Базлакуновага интервью берип жатып.

“ Анын сыңарындай, атамдын мүнөзү курч, көк беттиги бар. Оңой менен эч кимге моюн сунбайт. Ошол мүнөзү, ошол сапаты бир жагынан жакшы, бир жагынан жаман болуп калды. Менин оюмча турмушта, саясатта да көк беттикти мындай тизгиндеш керек да. Өтө эле мындай көк беттик да болбойт. Көк беттиктин да өзүнүн чеги болот да. Мен ал кишиге эч нерсе деп үйрөтө албайм албетте, ал киши менден канча улуу, акылдуу”, – деди Сейтек Атамбаев.

“Атамдын эң жакшы көргөн баласы – Икрамжан Илмиянов болчу. Сатардын уулуу Икрамжан. Ошол киши менен менин атам эң көп убакытын өткөрдү. Бул чындык. Ал эми биз менен жамандык-жакшылыктарда эле  жолугушчу. Ошол учурларда саясаттагы оош-кыйыштар тууралу айтып калганга өз дараметиме жараша аракет кылчумун. Настроениеси жакшы болуп калса тамашага чалып койчу, настроениеси жаман болсо кагып койчу: “Сен эмнени билесин? Сен эмне ошол жакта иштеп жатасынбы? “ деп. Анан “мейли, эми өзүң билесиң да” деп калып калчумун”, – деди Сейтек Атамбаев.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: