Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков дарыгерлер Темиркан Жарматова, Шайназар Закиров, Айчүрөк Келдибекова, Артыкбай Эралиев, Эдил Садыковдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарына көңүл айтты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ош облустук бириктирилген ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Темиркан Жарматованын, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын инфекционист-дарыгери Шайназар Закировдун, Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана инфекциялык ооруларды алдын алуу борборунун жетекчиси Айчүрөк Келдибекованын, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиевдин, Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмүнүн башчысы Эдил Садыковдун дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарына көңүл айтты.

«Акыркы күндөрдө биз коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алдыңкы сабында турган бир нече дарыгерлерибизди жоготуп алдык. Темиркан Жарматова, Шайназар Закиров, Айчүрөк Келдибекова, Артыкбай Эралиев, Эдил Садыковдун каза болушкандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Эпидемиологиялык кырдаалдын курчушу дарыгерлер жана медицина кызматкерлеринин арасында ооруну жуктуруп алуу учурларынын өсүшүнө алып келди. Тилекке каршы, алардын дагы бир тобу менен коштошууга аргасызбыз», — деп кайгыруу менен белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент дарыгерлер өмүрүнүн аягына чейин калктын саламаттыгы үчүн күрөшүп, өздөрүнүн кесиптик милдеттерин татыктуу аткарып келишкенин баса белгиледи.

«Темиркан Досатовнаны, Шайназар Абдукаримовичти, Айчүрөк Каримбековнаны, Артыкбай Эралиевичти жана Эдил Ахмедовичти кесиптештери, достору, жакындары жана бейтаптары эч качан унутпайт. Алар бир канча айдан бери коронавирус инфекциясы менен чарчап-чаалыкпастан күрөшкөн, илдеттин дал очокторунда иштеп жүргөн чыныгы баатырлар катары биздин эсибизде калат. Алар медперсоналды жетектешип, бардык зарыл болгон иш-аракеттерди мобилизациялап жүрүшкөн. Жакындары жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − 92 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: