Menu

Москва олимпиадасына 40 жыл. Кыргызстандык олимпиада чемпиондору, байге ээлери. Александр Мелентьев

Бөлүшүү:

Мезгилдин учкулдугун караңыз. Москва олимпиадасы кечээ эле болгондой элес калтырат. Андан бери жылдар жылга жалгашып 40 жыл өтүптүр. Ошол жылы төрөлгөн балдарга чемпиондордун урматына Каныбек, Александр, Сатымкул, Николай, кыздарга Татьяна деп ырымдап ат коюлуп, учурда алар эл кызматындагы азаматтардан болгон чагы. Чынында эле 1980-жылкы Москва олимпиадасы айрым спорт күйөрмандардын, адистердин көз алдында дале элеси эстен чыкпай, кыргыз спортунун  туу чокусу, бийиктиги катары бааланып келатат. Ошентип айлар айга зымырап, арадан 40 жыл өтүп, 2020-жылы  Москва шаарында өткөн жайкы олимпиадалык оюндарынын 40 жылдык мааракеси учурдагы коронавирус жана пандемия илдеттеринен улам салтанаттуу белгиленбей калганы турат. СССРдин курамындагы Кыргызстан дагы Москва олимпиадасында 5 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип, кыргыз спортунун эң бийиктигине жетишкен. Ошондуктан спорттук баяндамачы, жазуучу Кабыл Макешов  1980-жылкы Москва олимпиадалык оюндарында жылдызы жанып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан олимпиада чемпиондорубуз даңазалуу мерген  Александр Мелентьев, атактуу оор атлетчи Каныбек Осмоналиев,  белгилүү жеңил атлетчи Татьяна Колпакова,  ат спорт чебери Александр Блинов,  жөө күлүк Николай Чернецкий, марафондук жарышта коло медаль уткан дубанды жарган дулдул  Сатымкул Жуманазаров, фехтование мелдештерде күмүш байге уткан  Александр Абушихметов, олимпиада оюндарда байгелүү бешинчи орунду камсыз кылган Марина Сысоева спорттук тагдырлары, өмүр таржымалдары жана олимпиадалык бийиктиктери, спорттогу каармандыктары тууралуу  “Москва олимпиадасы-Кыргыз спортунун туу чокусу” аттуу китепти 3 ай мурда жазып бүтүп, каржы маселесинен улам жарык көрбөй турат. Москва олимпиадасы жана анын каармандары тууралуу ушул китептен үзүндүлөрдү жарыялап, калктын маанайын көтөрүүнү эп көрдүк. Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, олимпидалык бийиктиктерди багындырган даңазалуу спортчуларыбыз тууралуу сөз  кылабыз.

Олимпиада чемпиону, даңазалуу мерген Александр Мелентьев

Москва олимпиадасынын алгачкы алтын медалын 20-июлда утуп, байге эсебин ачкан кыргызстандык мерген Александр Реммович Мелентьев менен жалпы журтубуз  ар дайым сыймыктанып келет. Анын спорттогу ийгиликтерин, наамдарын санай берсек, мындай бийиктиктерди бир дагы кыргызстандык спортчу кайталай элек. Өзүңүздөр эле баам салып көрүңүздөрчү! Ал ок атуу боюнча дүйнөнүн 8 жолку чемпиону, Европанын сегиз жолку чемпиону, Европа Кубогунун жеңүүчүсү, Москва олимпиадасынын чемпиону, СССРдин он үч жолку чемпиону, дүйнө рекордчусу, дүйнө чемпионатынын төрт жолку күмүш байге ээси, Эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү, СССР спортуна эмгек сиңирген чебери.

Александр жумушчунун үй-бүлөсүндө 1954-жылы 27-июнда Орусиянын Пенза шаарында төрөлгөн. Ата-энеси курулушта иштегендиктен, Александр ымыркай кезинде Кыргызстанга Фрунзе шаарына көчүп келишкен. Ал да жашынан түйшүкчүл, эмгекчил болуп өстү. Алгач футбол, акробатика, сууда сүзүү ийримдерине катышып, бул спорт түрлөрүнө канааттанбай, жан дүйнөсүнө жаккан өзгөчө спорт түрүн издеп жүрдү. Изденген өспүрүм бир ирет лабораториялык иш учурунда өз алдынча химиялык реакция жүргүзүп, аз жерден классты жардырып жибере жаздаган. Жан-дүйнөсүнө жагып, өмүрүн арнаган ок атуу спортуна да капыстан жолуккан. Мурда ГТО комлексинин талаптарын аткаруу шарт эле. Анда тирден атуу да талабы бар болчу. Александр тирге келип, мылтыкты алгач ирет кармап, атканда эле бардык бутаны таамай атып, өзү издеген нерсе ушул экенин балалык сезими менен туйган. Мергендик касиет бар экенин, курал алып, бута атуу ал үчүн рахат, ийгилик тартуулаарын сезип турду. Дене тарбия жана аскердик даярдык мугалими анын шык, жөндөмүнө деле маани бербеди. Баса, Александр (Саша) жакынды жакшы көргөнү менен алысты даана көрө албагандыктан мугалимдер деле андан чыгаан мерген чыгаарына ишенген эмес. Тирден аткандан кийин Саша өзү каалаган спорт түрүн тапкандай, аны менен машыкпаса жаны жай албасын түшүндү. Ошентип 1969-жылдан баштап, ИИМдин “Динамо” спорт коомунун тирине келип, ок атуу спортуна тагдырын арнап, тапанчадан атуу боюнча машыга баштайт. Аны чоң спортко алып келген биринчи устаты – Александр Кириллович Курбанов баланын дилгирлигин баалап, келечекте мыкты мерген чыгаарын баамдап, шагын сындырбай анын алысты жакшы көрө албаганын байкамаксан болуп коет. Анан дагы бала болсо дагы абдан токтоо, тоо кулап, сел алып жатса дагы кебелбеген, сабырдуу, көздөгөнүн бербеген көк, өжөр, үрпөңдөгөн, жеңишке жетишмейин жаны жай албаган, мээнеткеч, чечиндүү өспүрүм эле. Машыктыруучусуна анын ушундай карама каршылыктуу сапаттары жагып, ок атуунун сырларын терең үйрөтө баштады. Анан дагы Сашанын дагы бир артыкчылыгы бир айтканды кулагына куюп алганы, башкалардай эки-үч кайталоону жактырбаганы, каталарын айтаарың менен аны оңдоого аракет кылганы устатына майдай жакты. Мына ушундай адамдар гана табиятынан таланттуу, көзгө атаар мерген болоорун устаты баамдап, анын келечегин көрө алды.  Машыкканына үч жыл боло электе эле, элге таанылып, адистердин жогору баасына татып, “СССРдин эл аралык спорт чебери” даражасына жетти. Саша улам бир бийиктиктерди багындырып, республикалык,  союздук мелдештерде байгелүү орундарды камсыз кылып, адистердин көңүлүн бурду. Анын мындай чыгаан мерген, табият ыроологон таланты бар экенине СССРдин ок атуу федерациясынын жетекчилери ишенбей, 1973-жылы атайын Дүйшөмбүдө өткөн Союздук мелдешке келишип, анын аткан ар бир бутасына, кыймыл-аракетине тыкыр көз салышып, бардык бутаны дал ортосуна 10 упайга атканын көрүшүп, баш байгени утканына, өнөрүнө өтө жогору баа беришип, СССР курама командасынын мүчөлүгүнө дароо кабыл алышып, Москвага алып кетишмек болушкан. Ал Москвага баруудан баш тартып, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында эле машыгаарын айтканда москвалык адистердин көздөрү чекчейип,абдан таң калышып, бардык жактан мыкты шарт түзүп берүүгө убада кылышса дагы Саша алардын шарттарына макул болбой койгон. Муну менен ал өнүп-өскөн жери Кыргызстанды, сүйгөн шаары Фрунзени, өзүнүн устаттарын баарынан артык көрөөрүн далилдеген эле. Ошентип Кыргызстанда машыкса дагы ал СССРдин тандалма командасынын мүчөсү болуп, он жылдан ашуун СССРдин намысын коргоду. Бир дагы мелдештен куру кол кайтпады. Ал 10 ирет дүйнөлүк рекордду жаңыртып, чыгаан мерген экенин далилдеди. Кийин аны Эрнист Каримов машыктыра баштады, себеби, мурдакы устаты Александр Курбанов башка жакка жер которуп кеткен эле.

Ошентип Александр Мелентьевдин багын 1980-жылкы Москва олимпиадасы ачты.  20-июлда таң эрте Москванын жанындагы Мытицидеги ок атуучу жайда олимпиадалык баш байге үчүн 33 мерген атаандашып, тапанчадан таамай атып жатышты. 50 метр аралыктан, 60 ирет ок чыгарып, тегерек мишенди (бутаны) атууда германиялык Х.Фольмар, болгариялык Л.Дяков, швед Сканаккер Александрдын негизги атаандаштары болчу. Бул жолку аракетине ыраазы болбоду, болгону 95 упай. Бир жыл мурдакы мелдештерде 97-98 упай менен баарын утуп жүргөн эле. Кол куушуруп, Москвада намысты алдырып койгонго болбосун Саша түшүнүп турду. Эки-үч мүнөткө ок атууну токтотуп, өзүн жыйнап, мындай учурду колдон чыгарбай жеңиш гана керек экенин түшүнүп турду. Тапанчаны колго алып, бир дем менен бутаны таамай ата баштады. Атканы жаза кетпей, баары бутанын дал ортосуна тийип, бул ирет  бакыт Александрга жылмайды. Атып бүтүп, кулакчанды алууга ашыккан жок. Демин ичине катып, бир саамга оор жүктү жонунан түшүргөндөй болду. Залдагы көрүүчүлөрдүн анын жеңишинин урматына дүркүрөтө кол чаап, куттуктап жатканы, аны жанындагы аттандаштары да куттуктаганын сабырдуу, токтоо гана күлүп, кабыл алды. Бул Москва олимпиадасынын алгачкы күнүндөгү байге эсебин ачкан биринчи алтын медаль эле. Анын кыргызстандык мерген Александр Мелдентьев жеңип, байге эсебин ачканы тарыхый зор окуя болгон.  Тапанчадан таамай атууда дүйнөлүк рекордду 581 упай менен жаңыртып, Олимпиаданын чемпиону болуп атамын. Александр жеңиштин бийик сересине көтөрүлүп, анын көкүрөгүндө олимпиадалык алтын медаль жаркырап турду. Экинчи орунга 568 упай менен  германиялык Х.Фольмар, үчүнчү орунга болгар Л.Дяков ээ болушкан. Анын дүйнөлүк рекорду 35 жылдан кийин жакында эле гана жаңыртылган.

Ошентип 26 жашында Александр Олимпиадалык бийиктикти багындырып, кыргыз спортун дүйнөгө даңазалап койгон эле. Ал “СССР спортуна эмгек сиңирген чебер” деген ардак наамга арзыган. Москва олимпиадасынан кийин 1982-жылы да дүйнө чемпионатында жеңишке жетип, алтын медаль тагынган. 1984-жылкы “Достук” оюндарынын да баш байгесин жеңип алган.

1985-жылы СССРдин жана Европанын чемпиону болсо, 1984-жылы Сеулда өткөн Дүйнө Кубогунда алтын медаль жеңип, дүйнөлүк рекордду дагы жаңырткан. 1989-жылы да Аргентинадан дүйнө чемпиону болуп кайткан эле. 1990-жылы Москвада өткөн Дүйнө чемпионатында командалык экинчи орунга илинген.

1991-жылы 663 упай менен Европанын чемпиону болгон.

Александр Мелентьев мергендердин арасынан ХХ кылымдын эң мыкты спорт чебери аталган. Ал Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин «Алтын ордени» менен сыйлаган.  Ал дээрлик бүт өмүрүн Кыргызстанга, ок атуу спортуна арнаган. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун аяктап, машыктыруучу-окутуучу адистигине ээ болгон. Көп жылдар бою борбор шаарыбыздын «Динамо» спорттук коомунун намысын коргогон.

Александр Мелентьевдин спорттук таржымалы спортко берилип, аны өнүктүрүүгө кызмат кылуунун бийик үлгүсү болуп саналат.

Ал тапанчадан 50 метр аралыкта эркин атуу боюнча мелдеште Александр Мелентьевдин жетишкен дүйнөлүк рекордун 34 жыл бою эч бир спортчу жаңырта алган эмес. 35 жылдан кийин гана түштүк кореялык Чин Джон жаңырткан.

Чоң спорттон кеткенден кийин Александр Мелентьев машыктыруучулук жана окутуучулук ишти аркалап, көптөгөн атактуу көзгө атарларды тарбиялаган. СССР деген улуу мамлекет кыйраганда Александр жумушсуз калып, чет өлкөлөрдө иштөөгө аргасыз болгон. Алгач Малайзияда, андан кийин Кувейт, Жаңы Зеландия жана АКШ өлкөлөрүндө иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдарында кайрадан Бишкек шаарына келип, жаш мергендерге кеп-кеңештерин айтып турган. Агани көрүп, ини өсөт дегендей анын бир тууган иниси Юрий Мелеетьев дагы ок атуу боюнча Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан мерген болгон. Уулу Вячеслав дагы жаа атуу спорту менен машыккан. Катуу оорудан улам даңазалуу спортчу, олимпиада чемпиону Александр Мелентьев 2015-жылдын 16-февралында дүйнөдөн кайткан. Ар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин «Динамо» спорт коому  ок атуу боюнча Александр Мелентьевдин жаркын элесине арналган эл аралык турнир өткөрүп келүүдө.

     

   

   

   

     

 

Эскертүү:  Очерк кыскартылып берилди. Кийинки бөлүктө кыргызстандык олимпиада чемпиондору Татьяна Колпакова, Каныбек Осмоналиев, Александр Блинов, Николай Чернецкий ,  коло байге ээлери  Сатымкул Жуманазаров жана Александр Абушахмедов  тууралуу кеңири баяндалат)

Кабыл Макешов, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы

Атайын KyrgyzToday.kg үчүн

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: