Menu

Чеченстан Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөтөт

Бөлүшүү:

Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго жазган катынын сүрөтү социалдык тармактарга тараган.

Каттын өзүндө “Чечен Республикасы боордош Кыргызстан элине калкты керектүү жеке коргоо каражаттары жана дары-дармектер менен камсыздоого жардам берүү жөнүндө чечим кабыл алды” деп айтылат. Төмөнкү жеке коргонуу каражаттары:

Коргонуучу комбинезон – 21 900 даана;

Бет кап  – 24 754 даана;

Коргоочу көз айнектер- 5 250 даана;

Бетке тагынган экран – 10 649 даана.

Ошондой эле дары-дармектер катта келтирилген.

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын элчилигинин басма сөз кызматы азырынча маалыматка комментарий бере элек, бирок коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын айткандарына караганда, Чеченстандын лидери гуманитардык жардам көрсөтөт деген маалымат чын.

Эскерте кетсек, Ассоль Молдокматова бир жума мурун Рамзан Кадыровго жардам сурап кайрылган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: