Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Мага чейинки президенттерди тирек болот деп түзгөн партиялары сактап калбаганын мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм

Бөлүшүү:

«Мага чейинки президенттерди тирек болот деп түзгөн партиялары сактап калбаганын  мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта, Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө суроого жооп берип жатып.

Мамлекет башчысы эгемен Кыргызстандын тарыхында ага чейинки президенттер, аларга тирек болот деп партияларды түзүшкөнүн белгиледи. Бирок, ошол тирек болот деген партиялар алардын  эч кимисин сактап калган жок.

«Ага тарых күбө. Эл күбө. Буга 1995-жылдан тартып саясатта жүрүп, мен дагы күбөмүн. Мен муну мамлекеттик ишмер катары да, пенде катары да толук түшүнөм. Менде мына ушундай ички эркиндик бар. Менин тирегим — бул менин элим», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал парламентке келген партиялар менен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн биргеликте иш алып барууга даярдыгын дагы бир жолу өзгөчө белгиледи.

«Мамлекеттин алдыга жылуусу, өлкө стабилдүүлүгү үчүн кандай гана партия жеңип келбесин, мен иштешүүгө даярмын», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: