Menu

“Кыргызстан” партиясы БШК соттун чечимин аткарбагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти

Бөлүшүү:

28-августтун кечинде маалымат жыйын өткөргөн  “Кыргызстан” саясый партиясынын лидерлери Канат Исаев менен Талант Мамытов КР Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Административдик сотунун 27-августтагы чечимин аткарбай жаткандыгына арызданышты.

Соттун чечимин аткарбаган мамлекеттик мекемелер жана жетекчилер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертишти.

Эсиңиздерге сала кетсек, 24-август күнү “Кыргызстан” саясый партиясы өзүнүн тизмесин жана башка документтерин белгиленген убакыттан (18:00) кеч алып келген жана партиянын БШКда катталган атайын өкүлү эмес, анын тааныштары тапшырган.  Муну байкаган коомчулук жана башка партия өкүлдөрү чуу көтөрүшкөн.

25-август күнү БШК коомчулуктун талабынан кийин “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин каттабай, артка кайтарып берүү чечимин кабыл алган.

26-августта “Кыргызстан” саясый партиясы БШКнын чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

27-августта Бишкектин Административдик соту “Кыргызстан” саясый партиясынын дооматын туура деп таап, БШКнын 25-августтагы чечимин жокко чыгарган.

28-августта БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын документтерин кайрадан кабыл албай койду жана Бишкектин Административдик сотунун 27-августтагы чечиминин үстүнөн аппеляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылды. Мыйзам боюнча Жогорку соттун чечими чыкмайынча БШК “Кыргызстан” саясый партиясынын тизмесин кабыл албай турууга укугу бар.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: