Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү тууралуу: Биздин максат, биринчиден, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге коррупцияны кыскартуу

Бөлүшүү:

«Биздин максат, биринчиден, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү менен бирге коррупцияны кыскартуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын  Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн,  29-августта, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде санариптештирүү боюнча саясаттын максаттарын белгилеп жатып.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкөнү санариптештирүү саясаты аймактарды өнүктүрүү саясаты менен бир ыргакта жүрүүдө.

«Бул дагы чоң, биздин негизги багыттардын бири. Мен муну Премьер-министр болгондо баштап, Президент болгондон кийин күчөттүм. Бул дагы өзүнүн жемишин берет», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал президенттикке талапкер болуп турганда, негизги убадаларынын бири – коррупцияга каршы күрөшүү болгонун, санариптештирүү – коррупцияны кыскартуунун, алдын алуунун жана анын деңгээлин азайтуунун негизги куралы экендигин эске салды.

«Коррупционерлер чыгып жатат, камап жатабыз, артынан түшүп жатабыз. Мисалы, темир жол боюнча жаңы киши ишенип коюлган. Барып эле схема түзүптүр, азыр 10го жакын киши түрмөдө отурат. Муну мисал катары айтып жатам. Биз коррупционерлердин, уурулардын баарын камап, түгөтө албайбыз. Бирок, “уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы” дегендей, кадрларды алмаштырсаң деле, мен темир жолду мисал кылгандай, схема түзүп, кирип кетип жатышат», – деп баса белгиледи Президент.

Ошол эле учурда ал жазалоо чаралары, анын ичинде камакка алуу жолу менен коррупционерлерден толук кутулуу мүмкүн эместигин кошумчалады.

«Ошондуктан, санариптештирүүгө өзгөчө көңүл буруп жатам. Өзгөчө, калкка кызмат көрсөткөн тармактарда, саламаттыкты сактоо, бажы тармагында, салык тармагында, социалдык коргоо тармагында – элибизге кызмат көрсөткөн бүт эле тармактарда санариптештирүүнү киргизүү – бул биздин мамлекетти өнүктүрүүнүн эң негизги жолдорунун бири», – деп өзгөчө баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент белгилегендей, санариптештирүү экономиканы өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана коррупцияны кыскартат.

«Белгилей кетейин, коррупция менен күрөштө чоң же майда коррупционер деп белгилеген болбойт. Муну айтканымдын себеби кээде коомчулукта талкуулар болуп калып жатат. Бардыгы ошол майда-бараттан башталат. Майдасын-чоңун чогуу кармасак, анан бардыгы жоюлат. Менимче, мамлекеттин, элдин байлыгын уурдагандарды чоң, кичине деп бөлбөшүбүз керек. Баарын тең биз ууру деп баалашыбыз керек, чоңун да, кичинекейин да. Ууруга уурудай мамиле кылыш керек», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: