Menu

Фото – КР Экономика министрлигине караштуу банкроттук иштер боюнча Департаментинин директорунун орун басары пара берип жаткан учурунда кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-сентябрда КР Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чечимин аткаруунун
негизинде, КР УКМК ККК кызматтык бөлмөсүнөн кызматтагы адамга 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан учурунда КР Экономика министрлигинин алдындагы Банкроттук иштер боюнча Департаментинин директорунун орун басары «Б.Э.А.» кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адам банкроттук уюмдардын активдерин төмөн баада алуу үчүн туруктуу коррупциялык схема түзүп алган.

Департаменттин атайын администратору ишкананын активинин наркын төмөндөтүү боюнча мыйзамсыз иш-аракеттерге катышуудан баш тарткандан кийин, анын функцияларын көзөмөлгө алынган кызматкерге өткөрүп берүү максатында ага карата банкроттук жол-жобону киргизүүгө, акыркы ишканалардын биринин атайын администрациясынын ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен кетирүү үчүн көрсөтүлгөн каражаттарды сунуштаган.

Мындан сырткары, кармалган «Б.Э.А.» кызматтык бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда 1 миллион 331 миң 300 сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылып алынып, ал акча каражаттарынын кайдан келгендиги аныкталып
жатат.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: