Menu

Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 51,2 % пайызга азайган

Бөлүшүү:

Чүй облусунун аймагында өрттүн саны 51,2 % пайызга азайган. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 9 ай ичинде Чүй облусунда 458 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 938), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 51,2% азайган.  Өрттүн кесепетинен 5 адам каза болуп, 9 адам өрттөн жабыркаса, өткөн жылы 9 ай ичинде 11 адам каза болуп, 10 киши жабыр тарткан. Өрт кырсыгынын  кесепетинен материалдык чыгым  29 млн. 433 миң 450 сомду түзгөн, ал эми өрттөн  930 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.  255 өрт кырсыгы турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынан 55,6 % түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери:

— электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 48%;

— мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 11 % 

— отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 12,2 % 

— балдардын от менен ойноосунан – 3,7 %;

— тамеки чегүүдөгү этиятсыздык – 10,9 %  өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

— Жайыл району — 53;

— Токмок шаары жана Чүй району – 73;

— Аламүдүн району – 76;

— Ысык-Ата району – 81;

— Кемин району – 21;

— Москва  району – 52;

— Панфилов району – 24;

— Сокулук району – 78.

КР  ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы эскертет.

Урматтуу жарандар, өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

  • бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;
  • күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчаларда сактабагыла;
  • балдарды кароосуз калтырбагыла;
  • күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;
  • электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула;
  • тамекинин калдыктарын жана ширенкелерди таштабагыла.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: