Menu

Базар-Коргондо бир катар балдарды уруп-сабоого жана тоноого шектелип 38 жаштагы “Жони” кармалды

Бөлүшүү:

Базар-Коргондо бир катар балдарды уруп-сабоого жана тоноого шектелип 38 жаштагы “Жони” кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-октябрь күнү Базар-Коргон РИИБне, Базар-Коргон районунун тургундары 1990-ж.т. М.А., 1997 ж.т. Ш.М. арыз менен кайрылып, 2020-жылдын 8-октябрынан 9-октябрына караган түнү “Жони” аттуу жаран уюлдук телефондорун ачык түрдө тартып ээлеп алгандыгын жана эч бир себепсиз уруп-сабап денесине залал келтиргенин жазып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Мындан сырткары 2020-жылдын 9-октябрь күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Базар-Коргон аймактык ооруканасынан Майлуу-Суу шаарынын тургуну 1997-ж.т. А.А. денесинен жараат алып, амбулатордук жардам алып чыгып кеткен.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө денесинен жараат алган А.А. 2020-жылдын 8-октябрь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Базар-Коргон районунун тургуну 1982-ж.т. Ж.Ж. аттуу атуул жана анын шериктери уруп, денесине залал келтиргени аныкталган.

Ошондой эле Ж.Ж. шериктери менен 9-октябрь күнү Базар-Коргон районунун тургуну 1989-ж.т. С.А. аттуу жаранды эч бир себепсиз бети башына таяктар менен уруп денесине залал келтиргени аныкталган.

Аталган фактылар Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагылардын негизинде Базар-Коргон РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кылмыш ишине шектелип, Базар-Коргон районунун тургуну 1982-ж.т. Д.Ж. 2020-жылдын 14-октябрь күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Д.Ж.нын буга чейин тоноо фактысы менен катталган кылмыш иши соттун кароосуна жиберилип, 2019-жылдын 28-август күнү Базар-Коргон райондук соту тарабынан 1 жылга пробациялык көзөмөл колдонуу мөөнөтү белгиленген.

Бүгүн 15-октябрда Д.Ж.нын баш коргоо чарасы Базар-Коргон райондук сотунда каралат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: