Menu

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги Ансан шаарындагы маданият фестивалына катышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-октябрында, Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Түштүк Кореянын көп улуттуу шаары – Ансанда өткөн маданият фестивалына катышты. Фестивалдын ачылышында Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүн сүйлөп, анда жергиликтүү бийликке чет элдик жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, көп улуттуу Кыргызстан жөнүндө айтып, эки өлкөнүн элдеринин окшоштугун белгиледи. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Катышуунун жүрүшүндө элчи Д.Кемелова Ансан шаарынын мэри Юн Хва Суб менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды. Токмок жана Ансан шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Ансандагы заводдор менен фабрикаларда жумушка орноштуруу маселелери талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 40 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: