Menu

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо кызматкерлери АКШнын Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунан COVID-19га каршы маанилүү жабдууларды алып жана окуудан өтүп жатышат

Бөлүшүү:

АКШнын Ооруларды алдын алуу жана коргоо борбору (CDC) COVID-19 илдетине каршы алдыңкы чектеринде кызмат өтөп жаткан кыргызстандык саламаттыкты сактоо кызматкерлери үчүн жеке коргонуу шаймандарынын жана компьютердик жабдуулардын өтө маанилүү партиясын жеткирди. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда АКШнын КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Медициналык халаттар, маскалар, N95 респираторлору, кол каптар, медициналык капкактар, бут кийим капкактарынан жана бет калкандарынан турган, ошондой эле COVID-19 тестирлөөсү үчүн бейтаптардын анализдерин алуу үчүн жабдыктардан турган медициналык жардам Бишкек шаарындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин кызматкерлерине таратылат, анын ичинде Ош, Нарын жана Ат-Башы.

Жеке коргоочу каражаттары (ЖКК) ооруканалардагы бейтаптардын сакайышын, ЖККнын запастарын жана COVID-19 инфекциясынын тенденциясын көзөмөлдөө үчүн колдонулган компьютердик жабдуулар жана программалар менен коштолот.

CDCнин Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен тыгыз кызматташуусун баса белгилеп, CDC Борбор Азия боюнча Директору Даниэль Сингер өз билдирүүсүндө: “Бул салгылашууга Кыргызстандын саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана эпидемиологдору жетекчилик кылып жатышат, жана биз Сасык тумоого жана ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча ондогон жылдарга созулган өнөктөштүк мамилелерибизге таянып, колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз”, — деди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин инфекциялык, митечилик жана эпидемиологиялык оорулардын алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдиргендей: “Учурда COVID-19 боюнча дүйнө жүзү боюнча көптөгөн илимий изилдөөлөр бар. Демек, жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жаңы ачылыштар менен толукталышы мүмкүн, ал тургай өзгөрүшү мүмкүн. Буга байланыштуу эл аралык уюмдар чоң колдоо көрсөтүшөт.

Мисалы, биздин уюм CDC жана ICAP менен биргеликте COVID-19га карата ар кандай иш-чараларды жүргүзүп келет. Долбоорго ушундай оор мезгилде, коронавирус пандемиясы учурунда, медициналык кызматкерлерди окутууга жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын негизин ЖКК жана уюштуруу шаймандары менен бекемдөөгө колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул долбоорду өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал турукташканга чейин улантыш керек”.

6 000 000 сомдон ашык наркка бааланган жабдууларды жеткирүү, Колумбия Университетинин ICAP тарабынан Кыргыз Республикасынын эпидемиологдорун, дарыгерлерин жана медайымдарын окутуу жана материалдык колдоо көрсөтүү үчүн ишке ашырылган CDC долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Ош, Бишкек жана Нарын шаарларындагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде, долбоор медициналык кызматкерлердин коопсуздугун жогорулатуу максатында, Кыргызстандын медициналык кызматкерлерине инфекциядан коргонуу боюнча баа берүүгө жардам берди жана 19 саламаттыкты сактоо мекемесинде медициналык кызматкерлери үчүн эпидемиологиялык көзөмөл жана байланыш боюнча тренингдерди өткөрдү.

CDC жана АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) аркылуу Америка Кошмо Штаттары быйыл Кыргызстандын COVID-19га каршы күрөшүн колдоо үчүн 5 миллион доллардан ашуун каражат бөлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: