Menu

Абдил Сегизбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Бакиевдин учурунда “Мегаком” жылына $ 30 млн киреше берип турган, Убактылуу өкмөт “Мегакомду” колуна алары менен киреше $ 15 миллионго азайып кеткен”

Бөлүшүү:

“Мен УКМКда иштеп турганда 2010-жылдагы революциядан кийин “Мегаком” ишканасынын кардарларынын саны менен тарифи өскөнүнө карабай тапкан кирешеси эки-үч эсе азайып жатканын байкап, анын себептерин акырын текшере баштадык”, – деп билдирди УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев журналисттер Лена Нечаевага жана Ибраим Нуракун уулуна айрым-айрым берген  маектеринде.

“2010-жылдын 7-апрелине карата “Мегакомдун” 100% үлүшү Максим Бакиевге таандык болгон, бирок Убактылуу өкмөт эмнегедир 49% гана үлүшүн улутташтырып мамлекетке алып, 51% үлүшүн ар кандай калп шылтоолор менен калтырып коюшкан. Анан “Мегаком” Максим Бакиевге карап турганда 2007-жылы $ 20 млн киреше, 2008-жылы $ 25 млн киреше, 2009-жылы $ 30 млн киреше берип, кирешеси жыл сайын өсүп турган. Ал эми Убактылуу өкмөттүн колуна өтөрү менен “Мегакомдун” кирешеси 2-3 эсе кыскартылып көрсөтүлө баштаган,  кардарларынын саны жана тарифи өскөнүнө карабай жылдык киреше $ 15 миллионго түшүп, андан да төмөндөй баштаган. Ошол эле учурда “Мегакомдун” мамлекетке албай кармап турушкан 51%ын сатуу аракеттери тынбай жүрүп турган. Текебаевдин андай аракеттери боюнча, Маевский менен болгон байланышы тууралу эң биринчи болуп өзүнүн партиялашы, атамекенчи депутат Өмүрбек Абдырахманов айтып чыкты. Андан кийин башкалар айта баштады. Биз ал багытта да фактыларды иликтеп, тапканыбызды сотко өткөрдүк. Калганын сот чечсин”, – деди УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев.

https://www.facebook.com/ibraim.nurakunuulu/videos/10158156557278264/

Булак: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: