Menu

ИИМ: Министрдин биринчи орун басары С.Өмүрзаков түштүк жергесинде жергиликтүү милициянын шайлоо өнөктүгү учурундагы коомдук коопсуздукту сактоо чараларын текшерди

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен министринин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков кызматтык иш сапар менен барып Ош шаарынын, Ош жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилик жана өздүк курамы менен жолугушуп жыйын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-январда КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анда КРнын президентин шайлоодо жана шайлоого чейинки үгүт иштери учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо маселелерин текшерүүгө алып, аталган маселеге байланыштуу жергиликтүү милиция жетекчилери менен чогулуш өткөрүп учурдун маанилүү маселелерин талкууланган.

Сүйүнбек Өмүрзаков алдыда боло турчу шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту өзгөчө жогорку денгээлде көзөмөлдөөнү, мыйзамдуулукту сактап, кызматтык тартипти бузбоону талап кылган.

Ошол эле учурда кызматкерлерди шайлоо күнү жеке коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана алардын кызмат өтөөсүнө тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарылдыгын белгилеген.

Ош шаардык, Ош жана Жалал-Абад облустук милициянын жетекчилик курамына шайлоо тилкелеринде күзөттү күчөтүү жана ар кандай тартип бузуулар боло турган болсо өз убагында мыйзам чегинде ыкчам чараларды көрүү керектигин да белгилеп, коомдук тартиптин сакталышы боюнча кошумча тапшырмаларды белгилеген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: