Вашингтондогу башаламандыктарга байланыштуу Кыргызстандын АКШдагы элчилиги Америкада жашаган мекендештерге кайрылуу жасады.
“АКШда президенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга байланыштуу Вашингтондо болуп жаткан массалык нааразычылык акциясына байланыштуу, элчилик жарандарды сак болууга жана эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле жабыркаган же кармалган кыргызстандыктар жөнүндө маалыматтар болсо тез аранын ичинде +1 (202) 2562924 (ишеним телефону) номерине же [email protected], [email protected] элекрондук даректерине кабарлоону өтүнөт.
Белгилей кетсек, кечээ 6-январда Дональд Трамптын тарапкерлери Вашингтондогу Капитолийге кирип барышкан. Ал жерде Конгресстин кошмо жыйынында демократ Жо Байден жеңип чыккан президенттик шайлоонун жыйынтыгын бекитүү каралып жаткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ