Бишкек шаарында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип Дөлөтбак Акимканов аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-январда Каржы полициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, кармалган адам 600 миң доллар өлчөмүндөгү алдамчылыкка шектелип жатат.
“Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди, анын баш коргоо чарасы тандалып алынат. Кармалган адам бир нече жолу алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалаганы үчүн жоопко тартылган”, – деп айтылат билдирүүдө.
Шектүүнүн аракетинен жапа чеккен жарандардан Каржы полициясына Бишкек шаары, Манас проспектиси, 101/1 дареги боюнча, ошондой эле 1955 ишеним телефонуна чалып кайрылууну суранышат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ